Дэвид Жуллет: Тоо-кен тармагында жетиштүү диалог жок

Кыргызстанда тоо-кен тармагындагы конфликттик жагдайлардын себептери жөнүндө Бишкектеги ОБСЕ академиясынын изилдөөсү жарык көрдү. Аталган изилдөөнү жүргүзгөн топтун жетекчиси Дэвид Жуллет изилдөөдөгү эң башкы тыянактары жөнүндө Би-Би-Сиге айтып берди.

Дэвид Жуллет: Биринчиден жетиштүү диалог болбой жатат. Компания кен казып жаткан жерге жакын айылдагы жашоочулар менен компаниянын жана мамлекеттин ортосунда жетиштүү диалог жок. Биз айылдын жашоочулары менен сүйлөшкөнүбүздө алар эмне иш болуп жатканын, керектүү мыйзамдарды жакшы билишпейт экен.

Компаниянын өкүлдөрү элге барып кен казуу иштери жөнүндө сүйлөшкөн учурлар сейрек болот экен. Ошол кендеги иштердин элдин турмушуна жана ошол айылдын, аймактын келечекте өнүгүшүнө кандай таасири болору жөнүндө жетиштүү түшүнүк жок. Мамлекет тарабынан да барып сүйлөшкөндөр аз. Ким кандай ишит аткарары жана кандай жоопкерчилиги бар экенин жергиликтүү эл жакшы билбейт.

Экинчи маселе, кен казуунун экологиялык зыяны жөнүндө сөз көп болуп жатат. Экологиялык зыян деген терминдин көп мааниси бар. Жер бузулуп берекесин жоготот же жайыттар бузулат деген коркунуч болууда. Бул чоң проблема болуп жатат. Бул алардын жашоо турмушунун сапаты жана мүнөзү менен байланыштагы маселе. Кен казып иштеп жаткан компаниялардын ишинен кийин эл пайдаланып жаткан жайыттар бузулат деген коркуу, чочулоо болуп жатат.

Мындай проблемалар мурда да болуп келген. Баары эле карагылачы Кумтөр эмне болуп деп айтышат. 1998-жылы цианид сууга төгүлүп, кырсык болгон. Кээ бир адамдардын айтымында, ошондон кийин жер бузулуп, адамдардын ден-соолугуна зыян болгон. Бирок биз алардын саламаттыгындагы көйлөрдүн негизги себеби Кумтөрдө экологиянын булганганы экенин так көрсөткөн изилдөөлөрдү көргөн жокпуз.

Би-Би-Си: Жергиликтүү бийлик органдарынын иши жөнүндө кандай баа берип жатасыздар. Чыр-чатакты азайтуу үчүн алар жергиликтүү эл ичинде түшүндүрүү иштерин жетиштүү жүргүзүп жатышабы?

Дэвид Жуллет: Бул дагы проблема. Жергиликтүү эл жергиликтүү бийлик органдарынан жетиштүү маалымат албай жатканын айтып жатат. Ал түгүл жергиликтүү бийлик эмне кылышы керектигин да билбейбиз дешет. Бирок жергиликтүү бийлик өкүлдөрү компаниялар менен сүйлөшүп аракет кылып жатканын айтышууда. Алар дагы акчанын баары борборго кете бербей, жергиликтүү элге пайдасы тийип, ошол аймакты өнүктүрүүгө иштешин каалашат. Биз жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшкөндө алар өздөрү дагы тоо-кен тармагындагы компаниялар боюнча жетиштүү иш алып барып жатабыз деп айта албайбыз, анткени эмне кылуу керектигин, кантип кылыш керектигин билбейбиз дешет.

Би-Би-Си: Ушул изилдөөнүн натыйжасында Кыргызстандын Өкмөтүнө, жергиликтүү бийлик органдарына кандай кеңеш берет элеңиздер?

Дэвид Жуллет: Эң башксы бул иш менен байланыштагы бардык тараптардын ортосунда жетиштүү диалог жүргүзүш керек. Кен жаткан жерде жашаган эл, кенди иштетип жаткан компания жана бийлик менен улуттук жана жергиликтүү деңгээлде иш алып баруу керек.

Ошондой эле дагы изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл. Анткени чынында эмне болуп жатканын жакшы билүү керек. Жергиликтүү эл алардын жашоо турмушунда кандай сапаттык өзгөрүү болорун жетиштүү түшүнбөй жатат. Эл экологиялык зыян жөнүндө айтып жатканда биз түшүнбөгөн көп маселе бар.

Кээ бир учурда алар өздөрүнүн аракеттерин акташ үчүн экологиялык зыянды бетке кармап жаткансыйт. Биз барган айылдардын бирөөндө адамдар өздөрү кантип кен казып иштеп жатышканын көрсөтүштү. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча аларга мындай ишке уруксат жок. Ошон үчүн алар компания келсе экологиялык зыян болот дешет.

Эгер алар компанияны кенде иштетүүгө кое беришсе алар өздөрү иштеп жаткан жерди бошотуп бериши керек. Алар мыйзамдуу эмес иштеп жаткандыгын башкалардын көрүшүн каалашпайт. Алар мыйзамдуу иштесек дешет, бирок алар мыйзамсыз иштегенден башка айласы жок, анткени Өкмөт кабыл алган мыйзамдар боюнча алар патент алып, лицензия алып, анын негизинде алтын казып иштей алышпайт.

Ошондуктан компаниялар Өкмөт менен биргелешип, жергиликтүү эл менен сүйлөшүп талкуулай турган көп маселе бар. Мисалы, “Жер казынасы” жөнүндөгү мыйзамга кирген жаңы өзгөртүүлөр, толуктоолор жөнүндө жергиликтүү жашоочуларга маалымат жакшы жетпептир. Аталган мыйзамга азыркы учурда жаңы өзгөртүүлөрдү киргизип жатышат, бирок эл ал жөнүндө билбейт. Алар өздөрүнүн ой-пикирин, сунуштарын Өкмөткө бергенге жетише элек.