Эренак – Сибир кыргыздарынын беги

Сүрөттүн автордук укугу b

Тарыхчы окумуштуулар Тынчтыкбек Чоротегин жана Кыяз Молдокасымов, Түштүк Сибирдеги Кыргыз улусунун беги Эренак 1680-жылы февраль айларында орусиялык баскынчылар менен салгылашкан тарыхый окуяны жана ошол доор туралуу айтып берет.

Кыяс Молдокасымов:

-Эренак жөнүндө кыргыз окурмандары көпкө чейин кеңири маалыматтарды ала албай келгенин дагы айтышыбыз керек. Анткени бул илимий тар чөйрөлөрдө гана учкай айтылып, жалпы окуу китептерде өзгөчө бир кыргыздын белгилүү тарыхый инсаны катары элдин арасында айтылбай келген тарыхый инсандардан. Бул өзү Энесайдагы кыргыздардын эң белгилүү тарыхый инсаны. Ал дээрлик чейрек кылымдан артык, тактап айтканда, 1660-жылдардан тартып 1687-жылга чейин Сибир (Шибер) кыргыздардын беги, өкүмдары болуп турган. Ошол жердеги бир нече улустарды, аларга багынган бир нече кыштымдардын аймактарын бириктирип, ошол жерде жалпы кыргыз аймагын башкарып, жетектеп, негиздеп келген жана аны сырткы душмандардан коргоп келген белгилүү инсан.

Эренак – Түштүк Сибирдеги Алтысар беги Ишей-Мергендин уулу, Номчи-бектин небереси болгон. Эренактын өзүнүн эле улуу агасын, ошол мезгилдеги кыргыздарга каршы согушуп жаткан, Сибир жергесин басып алгысы келген орустар атайын “ак үйлүү” (аманат, б.а. сый туткун) кылып, туткундап, Маскөөгө алып келип, Маскөөдөн чокундуруп, билим берип, анан кайра Красноярскиге алып келип, бир тууганы Эренакка каршы бир нече жолу аскердик чабуулга пайдаланышкан.

Тынчтыкбек Чоротегин:

-Демек, ошол доордогу Осмон дөөлөтүнүн тарыхын салыштырып карасак, анда дагы “йени чери” (Yeni Çeri), - биз “янычар” деп тарыхта көп айтабыз, - ошол “йеничери” - “жаңы аскер” деп аталгандар болгон. Осмон мамлекетинде да басып алынган элдин өкүлдөрүн кайра машыктырып туруп, өз элдерине каршы колдонушчу эмес беле. Демек, Эренактын бир тууганы дагы ошол сыяктуу эле орустарга кызмат кылган турбайбы, ээ?

Кыяс Молдокасымов:

-Тарыхта ошондой дал келүү, окшоштуктар эле кезиге берет да.

Тынчтыкбек Чоротегин:

Ал эми 1680-жылы 5-февралда оболу Эренактын аскерлери Красноярск (Кызыл-Жар) воеводасына анан Томдон келген орус аскерлерине каршы кол салып, андан кийин 8-февралда кайра дагы бир жолу алар менен салгылашкан экен.

Эренактын бул салгылашууларынын бардыгын азыр тарыхчылар ар кандай карашы мүмкүн. Маселен, Орусияда башкача карашы мүмкүн, бирок Эренак “өзүнүн эл-жеринин эгемендиги үчүн күрөшкөн” деп биз аны баса белгилешибиз керек.

Ошол кездеги кыргыз улусу бул Түштүк Сибирдеги эгемен Кыргыз мамлекети болгон. Азыркы Энесай кыргыздарынын урпактары - хакастар гана эмес, ошол доордо Жуңгарияга чейин качып же мажбурлоо астында журт которуп келген кыргыз урпактары дагы ошо Эренактын түздөн-түз урпактары болуп саналат. Бирок, жалпысынан алганда, Эренактын доору - бул тирешүүлөрдүн доору, бир нече мамлекеттердин өз ара кагылышуусунун доору болгон эмеспи.

Сүрөттүн автордук укугу BBC World Service

Кыяс Молдокасымов:

Туура, ошол мезгилдеги моңголдор бир жагынан, жуңгарлар экинчи жагынан басып кирип, Сибирдеги кыргыздарга коркунуч туудуруп жаткан мезгилде Эренактын эрдиги жана анын аскердик чеберчилиги өзгөчө көрүнгөн.

Сөз башында айтып кетпедикпи, 5-8-февралда 1680-жылы деп... Орустар бекеринен февраль айында басып кирген эмес, Эренакка каршы. Себеби, бир мезгилде Барсбекти да чыгыш түрктөр Энесайга кышында барып, анын элин талкалап, өзүн да өлтүрүп кеткен окуя сыяктуу, Эренакты да ошондой метод менен, ошондой усул менен “кышында келип, айылын байкатпай басып алып, ошол жерден чаап, өзүн өлтүрөбүз го” деп ойлогон орустардын ою ишке ашпай, кайрадан Эренак аларга каршы капысынан кандайча катуу кол салса, ошондой эле көздөн кайым болуп жок болуп кетип, аскердик өзгөчө чеберчилигин көргөзгөнү орустун басма булактарында жазылып, айтылып келген.

Тынчтыкбек Чоротегин:

Ал эми, Эренактын доорун иликтөө жөнүндө учкай айтсак, ыраматылык Асанбек Абдыкалыков мырза, маркум Атыгай Арзыматов, анан азыр дагы студенттерге таалим берип, дарс окуп келе жаткан профессор агайыбыз Мидил Жамгырчинов жана башкалар орус архивдеринин негизинде бир катар жаңы маалыматтарды ошол доор менен байланыштуу изилдешкен. Ал эми хакас этнографы Астайбек Бутанаев болсо азыр дагы ошол доорго байланыштуу этнографиялык жана архивдик маалыматтарды жарыялап келет. Бул доор, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн орто кылымдардагы айрыкча доорлордун бири катары, кыргыз тарыхында мына эгемендик доорунда гана кеңирирээк үйрөтүлө башталды.

Кыяс Молдокасымов:

“Эренактын кайсы эрдиктери өзгөчө көрүнгөн?” деген суроого жооп узаталы. Кыргыздар кайсы жерде жашабасын, өз элинин, өз жери үчүн өзгөчө күрөшкөн жоокер калк экенин ушул Эренактын өмүр жолунан да көрүүгө болот.

Бир эле мисал, мына 1667-жылы Түштүк Сибирге орус чыңдоолордун курулушу боюнча орустар өздөрүнүн иш-чараларын жүргүзүп жатканда, Эренак ачык эле орус баскынчыларына каршы айтып чыккан: “Эгерде Абаканга ушундайча жол менен өзүнчө чеп кура турган болсоңор, мен кашык каным калгычакты салгылашып, аны бул жерде курдуртпайм” - деп эскертет.

Бирок, ага болбой, Орусия аскерлери Абаканга аскердик чыңдоосун курган. Орустардын 1675-жылы Абакан дарыясынын куймасында Тагар аралында курган чыңдоосун Эренак өзүнүн аскерлери менен барып өрттөп, аларга өзүнүн мурда эскертип айткан сөзүн көргөзүп, өзүнүн сөзүнүн өтөлгөсүнө чыкканын ошондо да далилдейт эмеспи.

Тынчтыкбек Чоротегин:

Жакында биздин бир досубуз Эренак бектин атын өзүнүн небересине койду. Бул өзү, демек, кыргыз тарыхы үзгүлтүксүз, ырааттуу коюлган түпкү ысым аркылуу да сакталып жаткандыгын айгинелейт.

1687-жылы Эренак өзүнүн 300дөй мыкты жоокери менен Сибирдеги Кыргыз улусуна басып кирип келген моңгол аскерлерине каршы күрөшкөн. Бул салгылашуу Алтайдын Чулушман (Чулышман) дарыясынын жогорку агымына жакын жерде орун алган. Дал ушул кырчылдашкан урушта Эренак баатырдык менен, каармандык менен курман болгон.

Ал набыт болгондон кийин чейрек кылымга жетпей эле бул Сибирдеги кыргыз улусу жыгылгандыгы, XVIII кылымдын башында кыргыздардын негизги бийлөөчү уругунун өкүлдөрүн жуңгарлар тээ Тарбагатайга чейин күчтөп журт которткондугу жөнүндө архивдик маалыматтар бар.

Кандай болсо дагы, Эренактын ысымы, - кыргыз тарыхында тээ VIII кылымдын башында кагандыкты аркалаган Барсбек сыяктуу эле, өзгөчө бир алтын тамгалар менен жазылчу ысым болуп калды го деп санайм.

Бул макалага калтырган ой-пикириңизди модератор карап чыгып, сайтка чыгарат. Бирөөнүн ар-намысына, беделине шек келтирген пикирлер жарыяланбай турганын эскертебиз.