Бишкек: муз үстүндө бий чемпионаты

Сүрөттүн автордук укугу b

Бишкекте коньки тебүү боюнча шаардык мелдеш башталды. Соңку учурлары өлкөдө спорт тармагындагы жетекчилер, кыш мезгили узун, кары жана музу кеңири бул өлкөдө, спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүүгө бел байлаганы байкалат.

Бишкекте муз үстүндө бийлөө боюнча шаардык чемпионатка беш жаштан он беш жашка чейинки улан-кыздар катышып жатат.

Чемпионат эки күнгө созулуп, элүүгө жакын катуучулар жарышка келген. Жарышты муз спорту боюнча федерациянын колдоосу менен шаардык мэрия уюштурууда.

“Муз үстүндө бийлөө боюнча шаар аралык чемпионат быйыл үчүнчү жолу өтүп жатат. Кийинки жылдары чет өлкөлүктөрдүн да катышуусун пландап жатабыз. Бүгүнкү чемпионатка катышкандардын арасында спорттун чеберлери да бар. Алар бир нече ирет чет өлкөдөн жеңип келгендер”- деди муз спорту боюнча федерациянынбашкы машыктыруучусу Елена Швимер.

“Биз да олимпиадага катышкыбыз келет”

Сүрөттүн автордук укугу b

Кыргызстандагы спорт күйөрмандары буга чейин Сочиде өтүүчү кышкы олимпиадага бир гана спортчу жолдомо алганына нааразы болгон эле. Социалдык тармактарда өлкөдө көп жылдардан бери спортко, айрыкча спорттун кышкы түрлөрүнө көңүл бурулбай келе жатканы кызуу талаш-талкууга түшкөн.

Бүгүнкү чемпионатка катышууга небересин алып келген Кабыл Жунушов Кыргызстанда да кышкы спорт жогорку деңгээлде өнүгөөрүнө ишенет. Болгону буга мамлекет жакшы көңүл бурушу керек.

“Бул жеткинчектер келечекте дүйнөлүк аренага чыга турган спортчулар болуп жетилет. Эгерде өкмөт спорт мектептерин көбөйтсө, спортчулар талыкпай эмгектенсе, сөзсүз түрдө ийгиликке жетебиз”- деди Жунушов.

Он үч жаштагы мелдештин катышуусу Даниэла Умарова Бишкекте таанымал болуп калган муз үстүндөгу бийдин чебери. Ал далай мелдештерге катышып чет өлкөлөргө чыгып келгенин айтып берди:

“Билесизби, мындай чемпионатка мурдагы жылдары абдан аз катышуучу келчү. Быйыл болсо абдан көп. Ошондуктан мен бираз толкунданып турам. Биз дагы бир убактарда дүйнөлүк олимпиадага катышабыз деп ишенем”- дейт Даниэла.

Сочи шаарында бүгүн баштала турган паралимпиада оюндарын уюштуруу иштерине сегиз миң ыктыярчы катышууда. 60 өлкөдөн тандалгандардын катарында кыргызстандык Малик Өмүрзаков да бар. Бирок, спорттун кышкы туру боюнча алат-тоолуктар дуйнолук дегээлдеги таймаштарга катыша албай жатышат. Азырынча алар өзүнүн жеринде, өзүнүн музунда бут чана жарыштырууда.