Бакай-Ата районунда жол тосуу акциясы тополоңго айланды

Талас областында Бакай-Ата районунда "Шыралжын" алтын кенин жабуу талабы менен 300 дөн ашык адам Талас-Тараз жолун тосуп, каршылык акциясын өткөрүп жатышат. Чогулгандар милиция күчтөрү менен кагылышып, он тогуз тартип коргоо кызматкери жабыркаганы айтылууда.

Каршылык акциясына чыккандар "Шыралжын" алтын кенин жабууну талап кылышууда. 3-апрелде алар адегенде райондук акимчиликтин жанына жыйналып, андан кийин Талас-Тараз-Суусамыр жолун Боо-Терек айылынан тосуп салышты.

Милициянын кызматкерлери чогулгандарды тарап кетүүгө үндөгөн, бирок чогулгандар аларды таш бараңга алганы айтылууда. Милиция кызматкерлери өз кезегинде каршылык акциясына чыккандарга ышкырма гранаталарды колдонушкан.

Азыркы учурда жергиликтүү бийлик башчылары топтолгон адамдар менен жолугуп, кырдаалды жөнгө салуу аракетин көрүүдө. Окуя болгон жерге бүгүн коопсуздук иштери боюнча жаңы дайындалган вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев жөнөп кетти.

Бакай-Ата районундагы окуя үчүн улуттук оппозициялык кыймыл бийликти айыптап билдирүү таратты. «Президент А.Атамбаев Бакай-Ата районунда тынчтык митингисине чыккандарды кууп таратуу үчүн элге каршы курал колдонуу менен качкын президент К.Бакиевдин кандуу жолун кайталоого өттү»,-деп айтылат оппозициянын билдирүүсүндө.

“Демократия жана жарандык коом” үчүн коалициясы Бакай-Ата районундагы жашоочуларга кайрылып, чагымчылардын тилине кирип, тополоң чыгарбоого жана бардык талаш маселелерди күчкө салбай укуктук жол менен чечүүгө чакырууда.