Актан Арым Кубат: Өкмөттүн көңүлүн өзүбүзгө бурдуруу үчүн өкүрдүк

Актан Арым Кубат: көпчүлүк өкүргөнүбүз үчүн жини келиши мүмкүн. Кыргызда өлгөндө өкүрүп келет. Бирок мындай жорукка аргасыз болдук
Image caption Актан Арым Кубат: көпчүлүк өкүргөнүбүз үчүн жини келиши мүмкүн. Кыргызда өлгөндө өкүрүп келет. Бирок мындай жорукка аргасыз болдук

Белгилүү маданият кызматкерлери өкмөт үйүнүн алдында “Эсил кайран замана” деп беш мүнөттөй өкүрүп турушту. Алар өкмөттү маданият тармагын оңдоого чакырып, өздөрүнө көңүл буруусун талап кылган акцияны ушундай кыргыз салтына салып, театрлашкан түрдө өткөрүштү. Мурдакы вице-премьер-министр Камила Талиева Маданият, маалымат жана туризм министри болуп келгенде да маданияттын бир топ жаш өкүлдөрү “маданиятты түшүнбөгөн” адам келди деп каршы болушкан.

Алар мындан ары тынымсыз маданиятка карабаган саясатчыларды ашкерелеп, ар кандай театрлаштырылган оюндарды көрсөтүп турарын эскертишкен. Бүгүнкү акцияда “өкүрүп” келген Актан Арым Кубат Би-Би-Сиге маек курду.

Би-Би-Си: Кыргыздар өкүрүүнү жаман жөрөлгө катары көрүшөт. Негизи бирөө өлгөндө өкүрүшөт? Эмне биздин маданият “өлдүбү”?

Актан Арым Кубат: Көпчүлүктүн өкүргөнүбүз үчүн жини келиши мүмкүн. Кыргызда өлгөндө өкүрүп келет. Бирок мындай жорукка аргасыз болдук. Чын эле маданиятыбыздан акыбалы өтө начар. Буга чейин өкмөттөр, президенттер алмашылды, биз күттүк. Бирок маданиятка мамиле өзгөргөн жок. Ошондуктан “эсил кайран замана” деп өкүрүп келдик.

Би-Би-Си: Буга чейин дагы бир топ маданияттын жаш өкүлдөрү Камила Талиеванын бул тармакка министр болуп келүүсүнө нааразылыгын билдиришкен. Ошондо өкмөттөн жыйынтык болбосо, тынымсыз акциялар саясатчыларды ашкерелеген театр оюндарын коебуз дешти эле. Бүгүнкү акция анын башталышы десек болобу?

Актан Арым Кубат: Жок, бул ага тиешеси жок. Анда жаш ишмерлер өздөрү демилге көтөрүшкөн экен. А бул жакта байкасаңар көбүнчөсү улуу муундун өкүлөрү. Анан калса Камила Талиеванын министр болуусуна биз каршы деле эмеспиз. Жөн гана өкмөттүн көңүлүн өзүбүзгө бурдуруу. Биз менен иштешүүгө чакыруу.

Би-Би-Си: Бирок Камила Талиева кызматка келгенче чейин деле маданияттын абалы начар эле деп жатпайсызбы? Анан эмнеге мурда нааразы болгон эмессиздер?

Актан Арым Кубат: Биз күткөнгө аракет кылдык. Султан Раев маалында деле элдер ыраазы эмес эле. Бирок укпай келишкен. Президент Алмазбек Атамбаев иш билген жакшы инсандарды алып келсеңер болот эле деген сөзгө алынып калдык. Ошол сөз үчүн үмүт менен жүрдүк. Тагыраак айтканда кеп министрде деле эмес, кеп өкмөттө. Экономика менен маданият кошулмайынча мамлекет өнүкпөйт. Биздин айткандарыбыз миниcтрге жетсе, ал деле түшүнсө керек. Биз жалпы элге күйүп жатабыз. Бирөө жөнүндө пикир айтса ал душман эмес, министр айым сынды туура кабыл алыш керек. Бизди чакырып алып, сунуштарын айтсын. Бизди пайдалансын. Эл үчүн чогулалы, биригели.

Би-Би-Си: Өзүңүздөр иштешели деп сунуш кылсаңыздар болбойбу же сөзсүз чакыруу керекпи? Баары бир маданиятка күйүп жатпайсыздарбы?

Актан Арым Кубат: Мени чакыргандай деңгээлим бар деп ойлойм. Улуу кишини чакыруу керек.

Би-Би-Си: Байкашымча жаңы министрдин кызматка келишине сиздер деле каршыдай көрүнүп турасыздар? Негизи пландаган бирөө барбы?

Актан Арым Кубат: Жымсалдап ачык айта албай жаткам. “Бетке айткан сөздүн заары жок” дешет кыргызда. Негизи ага дагы карышыбыз. Баарынын оюн айта албайм бирок жеке мен анын министр болуп келүүсүнө каршы элем. Себеби Саламаттык сактоо министрлигине кинорежиссерду алып барса, эл кандай кабыл алмак? Талиева деле ошондой болуп жатпайбы. Мен билгенден ал бул тармакта иштеген эмес. Угушумча мугалим болуп эмгектенип келген. Бирок мен эле эмес, өзүнүн эле партиясынан каршы болуп чыккандар болбодубу. Замандын талабына ылайык күчтүү менеджерди алып келсе болмок. Министрге татыктуу кишилер толуп жатат. Атын атасам туура эмес болуп калат. Акциябыз анда бир кишинин кызыкчылыгы үчүн уюштурулгандай болуп калат. Биз баарыбыз маданияты жок мамлекет болбой турганын сезүүбуз кажет.