Баткендик ата-энелер бала бакчаларга көмөктөшүүдө

Баткен районунун Бужум айылында жайгашкан “Ынтымак” балдар бакчасы
Image caption Баткен районунун Бужум айылында жайгашкан “Ынтымак” балдар бакчасы

Баткендеги билим берүү кызматкерлери бул аймактагы жашоочулар балдар бакчаларындагы тарбия иштерине көбүрөөк көңүл бура баштаганын билдиришүүдө. Алардын айтымында, соңку бир нече жылдын ичинде Баткенде ондогон жаңы балдар бакчалары ачылган. Мектеп жашына чейинки балдарды тарбиялоого мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүгү жетпей жатканы менен, ата-энелер өздөрү кол кабыш кылып, бала бакча түзгөн учурлар көп дешет.

Баткен районунун Бужум айылында жайгашкан “Ынтымак” балдар бакчасын мугалимдер “наристе” деп аташат. Себеби ачылганына төрт гана ай болду. Мурун карылардын чайканасы катары колдонулган бул имарат Кара-Булак айыл өкмөтү тарабынан ремонттон өткөрүлүп, ЮНИСЕФ уюмунун жардамы менен эмеректери алынган экен. “Айжан” коомдук фонду Баткен районундагы бала бакчалар менен тыгыз иштешет. Фонддун мүдүрү Чынара Ахмедова:

"Биз Баткен районунда 2006-жылдан бери иштейбиз. Мурун райондогу бала бакчалар толук бир күндүк болуп, 25-30 баладан тарбия алышчу. Кийин балдардын санын көбөйтүү максатында үч сааттык мөөнөт менен эртең мененки жана түшкүгө бөлдүк. Азыр бул “Ынтымак” бала бакчасында жүз беш бала билим алат".

Ата-энелер кол кабыш кылганда

Бала бакча негизинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө багытталган. Андыктан айлык акы 100-200 сомдон ашпайт. Ошол эле учурда акча төлөөдөн бошотулгандар да жок эмес.

Бул айылдын ата-энелери балдарын бакчаларга жайгаштырууга катуу аракет жасашат экен. Ошол эле учурда, бала бакча үчүн колунан келген жардамды да аяшпайт. Мисалы, короону ата-энелер жасалгалашкан.

"Биз ата-энелер менен жакшы иштешип жатабыз. Бакчабыз жаңы болгондуктан, техникалык каражаттарыбыз толук эмес болчу. Ата-энелер балдарыбыз кайда ойнойт деп кабатырланып, өздөрү бизге жардам берүүнү сунуштады. Аталар отургучтарды, турниктерди жасашты, апалар аларды боёшту. Бизде ата-энелердин атайын бөлмөсү бар. Ал жерде алар чогулуп, бири-бири менен кеңеше алышат"- дейт Ахмедова.

Бала бакчага барган балдар мектепте кыйналышпайт

Image caption Жергиликтүүлөр: аталар отургучтарды, турниктерди жасашты, апалар аларды боёшту

Баткен районунда 26 балдар бакчасы бар. Андан тышкары 20 мектепте алты жашар балдар мектепке чейинки даярдыктан өтүшөт. Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилазиз Заитовдун айтымында, жаш балдарды даярдоонун мындай ыкмасы – алардын мектепте жеңил окуп кетүүсүнө өбөлгө түзөт:

"Мурун балдар мектепке келгенде же мурдун арчышты билишпейт, же колун жуушту билишпейт эле. Тартынчаак, сөзү өспөгөн балдар келчишчү. Азыр балдар бул жерге келип сөзүн өстүрүп, бирөөлөр менен достошуп, чоңдорго салам бергенди, колду-бетти жууганды билип калышты. Бул өтө чоң жетишкендик деп ойлойм".

Балдардын мектепке чейинки билим алуусуна ата-энелердин активдүү катышуусу өзгөчө маанилүү. Айрыкча, тышкы миграция күч алган Баткен облусунда бул катуу сезилет. Кыргызстан боюнча балдардын 15 пайызы бала бакчаларга барган болсо, Баткен облусунда бул көрсөткүч 30 пайызды түзөт. Андыктан, бала бакчалардын саны жагынан да, сапаты жагынан да Баткен өлкөнүн башка аймактары үчүн үлгү боло алат.