Тигүүчүлөр өкмөттөн жеңилдик күтөт

Статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 160 миңге жакын тикмечи патент системасы менен мыйзамдуу түрдө иштейт Сүрөттүн автордук укугу Getty
Image caption Статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 160 миңге жакын тикмечи патент системасы менен мыйзамдуу түрдө иштейт

Кыргызстандын тикмечилери кыргыз өкмөтүнөн өлкөнүн Бажы биримдигине кирүү процессинде патент системасын сактап калуу жана Бажы уюмунун техникалык регламентине өзгөртүү киргизүү сыяктуу жеңилдиктерди сурашууда. Бажы биримдигине киргенде, биринчи кезекте кездемелер менен фурнитураны Кыргызстанга сырттан алып келүүдө бажы постторунда жүк унааларын айлап текшербешин каалашат.

Бишкектик Кылычтын кыз-келиндер үчүн кийим тиккен орто бизнеси бар. Ал өндүргөн продукциялар негизинен экспортко ыңгайлашып, Казакстан, Орусияга сатылып келген. Бирок чек аралардын жабылышынан улам өндүрүш басаңдап кеткен.

Кылыч кытай кездемелерин чек арадан ар бир килограмм үчүн 3,5 доллар төлөп өткөрөөрүн айтат. Эгер Кыргызстан Бажы союзга кошулса, ар бир килограмм үчүн 17 доллардан төлөөгө туура келет экен. Мындай шартта Кыргызстанда тигилген кийимдер эң эле биринчи баасы жагынан атаандаштыкка туруштук бере албай калат деп ал чочулоодо.

“Мен иштеткен цехте мурда элүү кыз иштечү, азыр жыйырмага жакыны гана калды. Себеби базарларда соода солгундап, биз тиккен кийимдерди көпчүлүк албай калды. Мурда өндүргөн товарлардымды Орусия, Казакстанга экспорттосом, азыр Оштогу Кара-Суу базарына эле жиберем. Бизнесимдин келеги ойлондурат”- дейт Кылыч.

“Бизнесимдин келечеги ойлондурат”

Учурда бул өңдүү кыйынчылыктарды көпчүлүк кыргыз тигүүчүлөрү баштан кечирүүдө. Ошентсе да Кытайдан келген арзан кездеме жана даяр буюмдардын эсебинен Кыргызстанда тигилген кийим-кечелер арзан болуп жатат. Бирок Бажы биримдигине толук киргенден кийин Белорусия сыяктуу жеңил өнөр жайы өнүккөн мамлекет менен атаандаштыкка Кыргызстан туруштук бере алабы?

“Албетте туруштук берет. Азыр биздин эң негизги атаандаштарыбыз Белорусия менен Орусия. Аларда жеңил өнөр жай тармагы советтик мезгилден бери жакшы жолго коюлган. Ошентсе да Кыргызстандагы текстиль өнөр жайы өзүнүн иштеп чыгарган сапаттуу буюмдары менен ири өлкөлөргө тең тайлаша алабыз”, - дейт “Жеңил өнөр жай ишканалары” ассоциациясынын директору Фархад Төлөгөнов.

"Made in kg" эн тамгасына жамынган кытай товарлары

Төлөгөновдун айтымында, кыргызстандыктардын өндүргөн товарынын 90% Орусия менен Казакстанга экспорттолот. 10% жакыны жергиликтүү базарларга сатылат. Ошондуктан өлкөдөгү кийим тиккен фабрикалар менен цехтердин арасында Бажы биримдигине кошулууну колдогондор арбын болуп жатканын айтат:

“Бажы биримдигине толук кошулгандан кийин тигүүчүлөр кыйналып баштаса, кыргыз өкмөтү салык системасын төмөндөтүү боюнча даяр турушу керек. Бул уюмга кошулууда тигүүчүлөр үчүн коркунуч жок. Коркунучтун баары "Made in kg" эн тамгасына жамынган кытай товарларында. Алар 2012-жылдан бери Кыргызстан аркылуу Орусияга ташылып жатат. Муну өкмөт токтотушу керек”, - дейт Төлөгөнов.

Жакында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Бажы биримдигине кошулганда кыргыз продукциялары үчүн 170 миллиондук рынок ачылып, өлкөнүн экспорттук потенциалы жогорулайт деп айткан эле. Андан тышкары кыргызстандык тигүүчүлөр өз товарларын чек арадан тоскоолдуксуз өткөрө алат деп билдирген.

Статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 160 миңге жакын тикмечи патент системасы менен мыйзамдуу түрдө иштейт. Алардын 80% жакыны аялдар. Кытай жана Түркия сыяктуу мамлекеттерден Кыргызстанга кездеме ташыган адамдарды эсепке алганда, өлкө боюнча 300 миңге жакын жарандар мыйзамсыз түрдө кичи жана орто цехтерди иштетет.