Кыргызстанда буудай дагы тартыш болобу?

Image caption Буудайдын керектөөсү Кыргызстанда жылына бир миллион тоннадан көп. Анын отуздай пайызы жылда Казакстандан импорттолот. Кыргызстан быйыл буудай тартыштыгын да сезиши мүмкүн. Ал эми дээрлик бардык аймактарда талаш болгон суу маселеси кийинки жылдан тарта чечилмекчи

Кыргызстанда кургакчылыктын кесепеттери азыртадан сезиле баштады. Быйыл суунун тартыштыгы, жаандын аз жааганынан улам түшүм жылдагыдан аз жыйналууда. Кургакчылык айрыкча түндүк аймактарда сезилди. Чыгымын актай албай, эгинин талаага таштап салган дыйкандар болду.

Ысык-Көлдө эгин жыйноо кызуу жүрүп жатат. Бирок түшүм дыйкандар күткөндөй болмок тургай, айдаганын таштап басып кеткендер бар. Анткени кургакчылыктан эмгек акталбай калды. Аксуу районунун тургуну Алтынбек Бабаев өзү аз түшүм жыйнаса, бир тоголок дан алалбай калган дыйкандар бар экенин айттууда:

"Жазында бир гектар арпа сепкенмин. Чыгымына 15 миң сомдой кеткен. Бирок азыр ошол акталбай жатат. Суунун тартыштыгынан түшүмдүүлүк гектарына 6-7 центнерден болуп жатат. Жыйноо иштерине кеткен чыгымды да актабайт деп эгинин таштап кеткен дыйкандар бар. Өспөй калгандары кайра айдап жатышат. Дыйкандар каражат жагынан эле эмес, убакыттан да уттуруп жатышат".

Алтынбек жашаган Аксуу районунун Жаңы-Арык айылында жыйырма жылдан бери сугат суу маселеси чечилбейт. Жылда суу талашка түшкөн дыйкандарга быйыл кургакчылык кошумча болду.

"Дыйкандар эми кандай айла издемек эле. Жергиликтүү бийлик быйыл суу сордургучту оңдоп беребиз деп убада берген, бирок бүтпөдү. Дыйкандар кийинки жылы айдабай да коюшу мүмкүн. Анткени кургакчылыктан чөп да болгон жок. Жылда ушул маалда экинчи чабык башталчу. Быйыл экинчи чабыктын 95 пайызы күйүп кетти десек болот".

Бул айылдын эли жергиликтүү бийлик жок дегенде суу сордургучту оңдоп берсе деп отурган чакта башка аймактар кургакчылыктын кесепетин тартууда. Түшүмдүү болуп эсептелген Чүйдө быйыл кургакчылык эң көп сезилди. Сокулукта баласы менен арпа айдаган Марлис Кубатов кетмен менен курсак тойгузгандарды быйыл туш тараптан кыйынчылык тооруду дейт:

"Быйыл гектарынан эң эле жакшы дегенде10 центнерден арпа алдык, былтыры 23төн алганбыз. Сугат жерлер бир аз көбүрөөк берди, бирок ал деле былтыркыдан кыйла аз. Азыр эгинди өкмөт да сатып албайт, бири-бирине сатышат. Эгер жакшы кардар таап калса дыйкандын эмгеги акталышы мүмкүн. Быйыл дизелдик отун кымбат болбодубу. Көмүр, отун-суу, баары кымбат. Айыл жеринде кыйын эле болуп жатат".

Айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев кылкандуу дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү былтыркыга салыштырмалуу канчалык аз экенин эсептеди:

"Республика боюнча буудайдын 65 пайызы жыйналды. Орточо түшүмдүүлүгү 19,6 центнерди түзүп, былтыркыдан жети центнерге, арпаныкы болсо он центнерге аз болуп жатат. Буудай 435 миң тонна жыйналып өткөн жылы ушул маалга салыштырганда 150 миң тоннага аз".

Буудайдын керектөөсү Кыргызстанда жылына бир миллион тоннадан көп. Анын отуздай пайызы жылда Казакстандан импорттолот. Кыргызстан быйыл буудай тартыштыгын да сезиши мүмкүн. Ал эми дээрлик бардык аймактарда талаш болгон суу маселеси кийинки жылдан тарта чечилмекчи.

“Кийинки жылдан тарта карабайбыз. Айыл өкмөттөрүнө айтып кетер элек, жерди ижарага берерде суу көлөмүнө карап туруп берсе. Бир жерге жүгөрү, буудай жана башка нерселер себилет да суу жетпей калат. Мунун бир эле чыгуу жолу бар: кийинки жылдан тарта акырындан тамчылаткыч системаларын орнотушубуз мүмкүн”, - деди айыл-чарба министри.

Ага чейин дыйкандардын ийин куушургандан башка айласы жоктой.

Your contact details
Disclaimer