Жумгалда өрт өчүрүү убагында эки адам курман болду

Нарын облусуна караштуу Жумгал районунда Арал тоо кыркаларындагы Каныш капчыгайында чыккан өрттү өчүрүүдө эки адам курман болду.

Өрттү өчүрүү үчүн 11-сентябрь күнү эртең менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттөн куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлери жана жергиликтүү элден да кошулуп, баардыгы 65 адам караңгы киргенге чейин тилсиз жоо менен алышты.

Өрттү өчүрүү убагында эки адам курман болду. Алар: ӨКМдин №43 өрт-куткаруу бөлүмүнүн өрт өчүрүүчүсү, Чаек айылынын тургуну, 1985-жылы туулган Алтынбек Дүйшөналиев жана Жумгал райондук мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкери, Чаек айылынын тургуну, 1982-жылы туулган Абас Нуралиев.

Өрттөнгөн аймактын аянты болжол менен 600 гектарды түзөт. ӨКМдин басма сөз кызматы билдирген маалыматка ылайык, Кабак, Көк-Ой жана Куйручук айыл аймактарына таандык жайыттарда куураган чөп жана майда бадалдар өрттөнүп жатат.