Энергетика министри кызматтан кетти

Image caption Кыргызстанда быйылкы жылкы кургакчылык айынан суу сактагычатарда жетиштүү суу топтолбой энергетика тармагы оор абалда турат.

Кыргызстандын энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев өз каалоосу менен кызматтан кеткени кабарланууда. Мунун алдында өлкө президенти Алмазбек Атамбаев өлкөдөгү энергетикалык абал боюнча билдирүү жасап, энергетика министринин дарегине сын айткан эле.

“Кыштан кыйналбай чыгуу үчүн жетишпей жаткан 2 млрд. 400 млн. кВт саат электр энергиясын өнөр жайдын жана калктын эсебинен алардын электр жарыгын өчүрүү аркылуу толуктоо тууралуу чиновниктердин кадамын терең жаңылыштык деп эсептейм. Осмонбек Артыкбаевди таза, аракетчил жетекчи катары билем, бирок бүгүнкү кырдаалда энергетика жана өнөр жай министринин кызматында энергетика тармагынан өсүп чыккан, тармактын бардык көйгөйлөрү менен маселелерин терең билген профессионалдуу менеджер керек” деп айтылат президенттин кайрылуусунда

Кыргызстанда быйылкы жылкы кургакчылык айынан суу сактагычатарда жетиштүү суу топтолбой энергетика тармагы оор абалда турат. Коомчулукта ушундай кырдаалда министрди кызматтан кетүүсүн жоопкерчиликтен качуу деп баалагандар болууда. Кыш босогодо турганда, энергетикалык таңкыстык жаралып, Ош шаарында болсо газ жок, кыйын кырдаал түзүлүп турган шартта министрликке ким келсе да тез арада кырдаалды жайгарып кетүүсү кыйын дейт тармакты билген адистер.

Өлкөдөгү негизги энергетика булагы болгон Токтогул суу сактагычындагы учурдагы суунун көлөмү 11 миллиард 900 миллион метр кубка түшкөн. Энергетика министрлиги суунун көлөмүн 7 миллиарддан ылдый түшүрбөй сактап калуу үчүн, электр энергиясына чектөөлөрдү киргизүү аракетин көрүлөөрүн айтып келаткан.

Калк арасында болсо түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен карагандар менен бирге кыштан кантип чыгабыз деген кабатырлануу, өкмөттүн дарегине болгон ачуу сындар айтылып жатат. Өзгөчө быйылкы кышты газы жок өткөрө турган Ошто кыштан кантип чыгабыз деген маселе оор.

Жакында эле премьер-министр Жоомарт Оторбаев, “Жалпысынан электр таңкыстыгы 2,3 млрд. кв саатты түзөт” деп айткан. Кырдаалдан чыгуу үчүн өкмөт экономиканын көп тармактарын электрден көмүргө которуу боюнча иш жүрүп жатканын билдирип, калкты арзан көмүр менен камсыздоого аракет жасоодо. Ушундай абалда бул тармактын жоопкерчилигин алган министрдин кызматтан кетишин абалдын чыны менен эле оор экенин көрсөтүп турат дейт талдоочулар.

Быйыл электр энергиясына чектөөлөр киргизилгенине нааразы болгондор Нарында андан кийин Таласта митингге чыгышкан. Кыргыз өкмөтүнүн жакында кабыл алган электр энергиясына жана жылуулукка болгон бааларды көтөрүү токтомун Бишкектин райондор аралык соту жокко чыгарган эле.