Бишкек: атактуулар көчө тазалашабы?

Image caption Азамат баштаган жаш активисттер шаардын кирдигине, акыр-чикирлердин көптүгүнө көз жума албаганын айтат. Алар уюштурган иш-чаранын негизги максаты коомду таза болууга үндөө жана милдетин так аткара албай жаткан айрым ишканаларга үлгү болуу

Бишкекте бир нече аптадан бери жарандык активисттер тарабынан уюшулган “Биз таза шаар үчүн” деген аталыштагы тазалык акциясы уштурулууда. Акцияга өлкөнүн таанымал инсандары баш болгон атуулдар катышып, бири-бирине мындан мурдараак социалдык тармактарда кеңири тараган “айс бакет челлендж" сыяктуу чакырык таштап, интернетте жайыла баштады.

Бул өнөктүк, кишиден кишиге өтүп, ар бир катышуучу өзү жашаган көчөнү тазалап, видео тартып, анан интернетке жарыялаш керек. "Биз таза шаар үчүн” деген аталыштагы акциясынын уюштуруучуларынын бири Азамат Абылгазы:

“Бош убактымда интернетке кирип калам. Карап отурсаң, элдин баары саясаттан кеп салат, бирөөнү жамандап, ушактап да алышат. Ойлонуп отуруп, бир күнү фэйсбуктагы досторума чогулуп теннис ойноону сунуш кылдым. Алар каршы болгон жок. Баарыбыз чогулуп сүйлөшүп, шаардын тазалыгы үчүн күрөшүү акцияларын уюштурууну туура көрдүк",- дейт.

Азамат баштаган жаш активисттер шаардын кирдигине, акыр-чикирлердин көптүгүнө көз жума албаганын айтат. Алар уюштурган иш-чаранын негизги максаты коомду таза болууга үндөө жана милдетин так аткара албай жаткан айрым ишканаларга үлгү болуу:

“Биз бул иш-чараны өткөрүүдө эч кимге милдет кылгыбыз келбейт. Акцияны уюштуруп жүргөн кезде жүрөк ооруткан окуяларга күбө болдук. Биз тазалап койсок, артынан эле кайра таштанды таштагандар болуп жатты. Бул жерде түшүнүп коюу керек, шаардын тазалыгын сактоо ар бир инсандын жарандык парзы, милдети”.

Атактуулар көчө тазалашат

Бул өнөктүктүн өзүнүн эрежелери дагы бар. Ар бир катышуучу өзү жашаган жерди же көчөнү тазалап, аны видеого тартып, андан соң интернетке жарыялашы керек. Ар бир катышуучу мындай өнөктүктү кеминде үч адамга чакырык же “ыр кесе” сыяктуу узатып олтуруп, шаарды тазалоого көптөгөн адамдарды тартууну көздөйт.

Жарандык активист Назгүл Насиевага да досунан чакырык келди:

Image caption Учурда активисттер “Биз таза шаар үчүн” деген аталыштагы тазалык акция уштурууда. Анын эрежеси боюнча, шаардын көчөлөрүнөн таштанды терип, аны видео тартып алуу керек

“Аны кубануу менен кабыл алдым. Оюндун шартына ылайык мен да жаңы конуштарга барып тазалоо иштерин жургүздүм. Аябай пайдалуу акция экен. Ушинтип отуруп көпчүлүктү тазалыкка үндөй алабыз. Таасирдүү кылып, элдин көңүлүн буруу үчүн чакырыкты атайын аттуу-баштуу инсандарга ташоону туура көрдүм. Бул өнөктүктү атактуулар улантсын деп, өз чакырыгымды Эрнист Кыязовго, Дайырбек Орунбековго жана ырчы Гүлнара Тойгонбаевга таштадым”.

Мындай иш-чара алгач Америкада "айс бакет челлендж” деген аталышта башталган. Анын катышуучулары башынан ылдый муз кошулган суу куюп, андан соң жардамга муктаж, оорулуу инсандарга акча которуп, башка таанымал инсандарга чакырык таштайт. Бул иш-чара эл аралык деңгээлге чейин өтүп жетип, бир катар ырчы, спортчу, ал турсун саясатчыларга чейин жеткен.

"Таштанды шаардын кооздугун бузууда"

Жыйырма беш жаштагы Жазгүл дем алыш күндөрү шаардагы парктарга эс алганы барып турат. Анын айтымында, ар жерге ыргытылган таштандылар сейил бактардын көркүн бузууда.

“Айлана-чөйрөгө ташталган акыр-чикирлер үчүн бийликти же кайсы бир ишкананы күнөөлөй албайм. Ар бир адам өз артынан тазалап кетсе, ушунчалык болбойт. Эс алганы келгеним менен, кээде абдан кейип кетем. Анткени сейил бактын кооздугун ар жерге ыргытылган таштандылар, айрым учурда жагымсыз жыттар бузуп турат”, - дейт Жазгүл.

Кыргызстанда, айрыкча баш калаа Бишкек жана Ош сыяктуу негизги шаарларда тазалык темесы абдан курч талкууланган маселелердин бири. Шаардын тазалыгы шаар жетекчисин, айрым учурларда өкмөт башчыларын сындоого дагы жол ачат. Бирок коомчулук тазалыкты башкаруучулардан күтпөй, демилгени өз колуна алган көрүнүштөр өтө сейрек.

Your contact details
Disclaimer