Бишкек: унаа уурулугу өсүп жатабы?

Сүрөттүн автордук укугу Getty
Image caption Бишкек шаарында жыл башынан бери автомашина уурдоо боюнча 109 кылмыш катталды.

Бишкектеги милиция баш калаада унаа уурулугу акыркы жылдары өсүп жатканын билдирүүдө. Расмийлер Кыргызстанда менчик машинаны "ишеним кат" менен колдонуу эрежелери алып салынгандан бери автомашиналар дээрлик эки эсеге көбүрөөк уурдала баштаганын белгилешүүдө. Кымбат баалуу унааларды негизинен Казакстанга алып барып сатуу аракеттери көп катталууда дешет адистер.

Бишкектеги унаа уурдоолорго шектүү деп кармалып, кандайдыр бир себептер менен азыр ачыкта жүргөн чет жердик эки жаранга издөө салынууда. Кылмышка шектүү казак жана армян жарандары унааларды коңшу өлкөлөргө ташып турган деп айтылууда. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Бакыт Сеитов уурулар жеңил унаанын бардык түрүнө кол салууда дейт.

“Эсептеп келгенде, Бишкек шаарында жыл башынан бери автомашина уурдоо боюнча 109 кылмыш катталды. Алардын токсон биринин бети ачылып, он сегизи аныкталбай жатат”, - деди Сеитов.

Машинаны базарлардын жанынан, кечинде үйдүн алдынан, алыс жака коюп кеткен жерлерден көп уурдашат. Уурдоонун ар кандай жолдору бар. Айрымдары аңдып жүрүп, узак убакытка кароосуз калган машинаны же кожоюну алыс кеткенди айдап качышат.

“Кээ бир шылуундар базарда саткан машинасынын ачкычын жасатып калат. Кечээ жакында бир окуя болду. “Тойота Румер” деген 50 миң долларлык автомашинанын ээси базарда сатып жатып ачкычтын көчүрмөсун алып калган. Аны уурдап барган жеринен Баткенден кармалды. Азыр айрыкча “Жип” үлгүсүндөгү кымбат машиналарды качыра минип, Тажикстанга, Казакстанга сатканга аракет кылган фактылар бар”, - деп кошумчалады Бакыт Сейитов.

Бишкекте түнкүсүн 400 миң автомашина көчөдө калат

Ал эми Бишкектин түндүк райондорунун биринде жашаган Азат жеңил машинасын тамынын алдына токтоткон жерден түн ичинде уурдатып, он беш күндө кайра таап алган. Азат Би-Би-Сиге буларды айтып берди:

“Кечинде саат он экилерде токтотком. Эртең менен жетиде турсам жок. Милиция кызматкерлери менен он беш күн издедик. Он алтынчы күнү Маевкадан табылды. Бир кычык көчөгө алып барып токтотуп коюшуптур. Машина сүздүрүлгөн, ичиндеги магнитофон жана башка нерселери жок, тапканыма сүйүндүм. Андан кийин ачык жерге койбочу болдум. Батиримди дароо алмаштырып, дарбазасы бар үйгө көчтүм”.

Image caption Бишкекте 490 миңдей машина бар. Анын 90 миңи гана кайтарылган токтотуу жайларына же жабык короого коюлат, калган 400 миңи көчөдө калып калууда

Азаттын машинасын уурдаган уурулардын түрү ошентип, машинанын чыгара алган бардык жерин чыгарып, тоноп өзүн таштап кетет. Дагы бир түрлөрү тетиктерин бөлүп сатып жиберет. Дагы башкалары жогоруда айтылгандай, Казакстанга, Тажикистанга алып барып кымбат сатканга аракет кылат.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын бөлүм башчысы Кубан Тукеевдин айтымында, унаага кардардын көп болуп жатышы азыркы уурулуктун күчөшүнө себеп болушу мүмкүн, бирок негизги себеп башкада.

“Унаалардын көп уурдалып жатышына азыр машиналарга кардардын көп болушу себеп болушу мүмкүн. Бирок эң негизгиси – машиналарды “ишеним катсыз” айдоо эрежеси себеп болууда. “Ишеним кат” алып салынгандан бери автомашина уурдоо эки эсеге көбөйдү. Кийинки себеп – машиналардын жолдо калып жатышы.

Бишкекте 490 миңдей машина бар. Анын 90 миңи гана кайтарылган токтотуу жайларына же жабык короого коюлат, калган 400 миңи көчөдө калып калууда. Кээ бир кабаттуу үйлөрдүн алдынан кечинде машина көптүгүнөн баса албайсың. Унаанын көптүгү дагы бир негиз болууда”, - деди Кубан Тукеев.

Ошентип, милиция кызматкерлери жеке унааны “ишеним кат” аркылуу айдаганда уурулук кыйла азаймак дешет. Адистер машинаны кароосуз калтырбоону, сигнализация орнотууну, дөңгөлөктөрүн чечип кетпеш үчүн атайын коду бар буроолор менен бекитүүнү сунушташат.

Your contact details
Disclaimer