Оторбаев: Орусиядагы кыйынчылык Кыргызстанга да таасирин тийгизүүдө

Сүрөттүн автордук укугу b

Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев Орусия экономикасындагы кыйынчылыктар Кыргызстанга да сөзсүз таасирин тийгизет деп айтты.

Өкмөт башчы Батыштын санкцияларына кабылган Орусиянын экономикасындагы оорчулуктардан улам, Кыргызстанда сомдун куну түшүп, күйүүчү жана майлоочу майдын баасынын жогорулап жатканын билдирди.

“Биз сырткы факторлорго көз карындыбыз. Батыштын Орусияга киргизген санкциялары Кыргызстандын экономикасына да таасирин тийгизүүдө. Биз аны азыртадан сезип баштадык. Соңку мезгилде долларга карата сом 12 пайызга кунун жоготту. Ошол эле мезгилде рубль 29 пайызга түшүп кетти. Күйүүчү майга болгон баанын жогорулашы да ушундан улам болду. Ушул факторлорду эске алып, биз ушундай шартта кардиналдуу чара көрүшүбүз керек”, - деди Жоомарт Оторбаев.

Сүрөттүн автордук укугу gov.kg
Image caption Өкмөт башчы Батыштын санкцияларына кабылган Орусиянын экономикасындагы оорчулуктардан улам, Кыргызстанда сомдун куну түшүп, күйүүчү жана майлоочу майдын баасынын жогорулап жатканын билдирди

Кыргызстанда күйүүчү жана майлоочу заттын бир жылдык керектөөсү бир миллион кубометр. Анын дээрлик баары Орусиядан келет. Орусияда күйүүчү майдын кымбаттаганы Кыргызстандагы жашоонун бардык тармагына таасирин тийгизди.

Тамак-аштан тарта бир катар товарлардын баасы көтөрүлдү. Дизелдик отундун кымбаттоосунан улам айыл-чарба тармагы да кыйынчылык тартууда. АИ-92 бензини апрелде 38 сом болсо, азыр Бишкекте дээрлик 50 сомго чыкты. Экономика серепчилери бензиндин баасы доллардын баасын кууп жетти деп айтышууда.

Ал эми Бишкектеги жана Ош шаарындагы акча алмаштыруу жайларында бир доллар 58 сомго чейин сатылууда.

“Кыргызстандын кичи экономикасы чоң экономикага байланыштуу”

Өкмөт башчы рублдун куну түшүп кеткени үчүн, долларга карата сомдун куну да түштүп кеткенин айтты. Экономисттер бул тууралуу эмне дешет?

Сүрөттүн автордук укугу THINKSTOCK
Image caption Орусияда күйүүчү майдын кымбаттаганы Кыргызстандагы жашоонун бардык тармагына таасирин тийгизди. Тамак-аштан тарта бир катар товарлардын баасы көтөрүлдү. Дизелдик отундун кымбаттоосунан улам айыл-чарба тармагы да кыйынчылык тартууда

“Кыргызстандын эномикасынын дээрлик 70 пайызы Орусиянын экономикасына байланыштуу. Себеби Кыргызстандын айыл-чарба продукциясы, кийим-кече негизинен Орусияга экспорттолот. Ошол эле учурда тиричилик буюмдарынын, курулуш, айыл-чарба техникаларынын көпчүлүгү Орусиядан алынып келинет”, - деди экономикалык серепчи Жумакадыр Акенеев.

Акенеев Кыргызстан экономика тармагындагы көз карандылыктан арылуу жолдоруна токтолду:

“Орусиядагы ишканалар 700 млн. доллар менен келип, “Кыргызалтын” менен биргелешкен ишкана куруу жөнүндө долбоор даярдалып жатат. Кыргызстанда кендер көп. Бул тармакты жакшы иштетсек, жылына бюджетке 12-15 млрд. доллар акча түшүп турат. Мындан тышкары ГЭСтер иштетилип, энергетика тармагы жакшы жолго коюлса, Кыргызстан Орусиянын экономикасына көп байланбай калмак”.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, быйылкы тогуз айдын жыйынтыгында эле инфляция былтыркыга салыштырмалуу 5% жогорулаган. Адистер анын себептерин ички дүң продукция өндүрүшү төмөндөгөнү, доллар курсунун жоргулашы жана башка бир нече себептерге байланыштырууда. Ошентсе да расмийлер коомду чоочулабоого чакырууда.

Your contact details
Disclaimer