Жылдыз өчпөйт!

Сүрөттүн автордук укугу RIA Novosti
Image caption Чыңгыз Айтматов

Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата Нарын облусунун Куланак айылынын тургуну Би-Би-Сиге ыр жөнөттү.

Ала-Тоодой ак калпакчан, пейли ак,

Кыргыз элин жер жүзүнө тааныткан,

Адамзаттан алга озуп көп убак,

Чыңгыз ата заманына даанышман.

****************************

Аалам сыйган ойду жазып кагазга,

Түрк балдары турулуп кубаттаган,

"Түнкү сугат", "Кыямат", "Жамийласын"

Түркүн элдер тамшанып барактаган.

****************************

Кырда чуркап кызгалдакты аралап,

Кол булгалайт гүлдү сүйгөн Алиман.

Жүрөк сырын Даниярга арнаган,

Шайыр мүнөз шаңкылдаган Жамийлаң.

****************************

Ак шумкары асманында чабыттап,

"Ак булуту" жакшылыкка жандаган.

Жылдыз сындуу "Жаныбарым, Гүлсары",

Дүйнө жүзүн дүңгүрөтөт арыштап.

***************************

Кайраты бар, мээрими бар Толгонай,

Кыргыз эне көтөрүмдүү ушундай.

Денесинде жаштык, эрдик ташкындай,

Мекен коргойт Майсалбек жоо качырбай.

****************************

Арзуусун, махабатын жашыра албай,

Агатай деп комуз чертет Бегимай

"Чырагым, бул жашоого кеч келдиң, ай?"

Раймаалы ырын арнайт өрт-жалындай.

*****************************

Энелердин мээримин даңазалап

Уулун издеп зар какшайт Найман-Эне

Бакыт чачкан Абуталип, Зарипа

Тагдырыңар ушундай тайкы беле?

*****************************

Кыянаттык кылбагын деп адамга

Кыяматтын жолун тосуп эскерип

Кыргыз барда жанып турган ааламга

Чыңгыз деген жылдыз өчпөйт асманда.

Айым Талгатбек кызы, Куланак айылы