Мигрант тапканы сүймөнчүк, өздөрү түрткүнчүкпү?

Image caption Расмийлер эмгек мигранттары өз өлкөсүнө миллиардаган каржаттарды которорун айтып келаткан менен мигранттарга байланышкан өтө курч делген көйгөйлөр көңүл сыртында калууда.

Кыргызстандагы бир катар эл аралык уюмдар мигранттар күнүнө карата Бишкек жана Ош шаарларында акцияларды өткөрүп, бийликти мигранттардын көйгөйүнө көңүл бурууга чакырды.

Акциялар учурунда ак-кызыл түстөгү шарлар асманга учурулуп, ал аркылуу каза тапкан жана кулчулукка кабылган мигранттардын саны берилди.

“Тышкы иштер министрлигинин маалыматына таянсак соңку эки жыл ичинде эмгек мигранттары арасында ар кандай жагдайлардан каза болгон кыргызстандыктар саны 404 киши. Алар өндүрүштүк, транспорт кырсыктары, ошол эле учурда киши колдуу каза тапкан учулары көп. Биз ак шарлар аркылуу ошол каза тапкан мигранттарды эскердик. Ал эми кызыл шарлар бул эмгек кулчулугуна кабылгандарга арналды,”-деди Эл аралык миграция уюмунун өкүлү Алмаз Атамбиев.

Сүрөттүн автордук укугу Reuters
Image caption Орусия мигранттарга карата талаптарын күчөтүүдө.

Маалыматтарга караганда соңку эки жылда эки жүздөн ашуун кыргызстандык эмгек кулчулугунан куткарылган. Расмийлер эмгек мигранттары өз өлкөсүнө миллиардаган каржаттарды которорун айтып келаткан менен мигранттарга байланышкан өтө курч делген көйгөйлөр көңүл сыртында калып келатат. Алар өз көйгөйлөрү менен өздөрү гана күрөшөт.

Эмгек жана миграция, жаштар министрлигинин Ош шаары боюнча жетекчиси Бактыбек Кудайбердиев, мамлекет мигранттарга чоң колдоолорду көрсөтө албаса да, соңку учурда укуктук жактан жардам берүү аракеттери жанданып жатканын айтып берүүдө.

“Маселен, өзүңөр билесиңер Орусияга барып иштөө үчүн уруксат кагаздары, бир топ документтер талап кылынат. Ошол документтер ал жакта 20-30 миң рубилге чыгып кетип жатат. Анткени ал жерде ортомчулар бааны көтөрүп жиберишкен. Азыр эми биз Бишкекте ошондой документтерди толуктап бере турган мекеме ачып, 7-8 миң сомдун айланасында уруксат кагаздарын алып берип жатабыз”.

Жакында эле Орусияда мигранттарга байланыштуу жыйын өтүп, Федералдык миграция кызматынын жетекчиси Константин Ромадановский мыйзамсыз эмгектенип жүргөн мигранттарды жаңы жылды өз өлкөсүндө тосууну сунуштаган. Орусияда мыйзамсыз жүргөн мигранттарды өлкөдөн чыгаруу жана бир нече жыл кириүүгө тыюу салуу боюнча мыйзамдык өзгөртүүлөр каралууда.

Анын алдында кыргыз жарандары жаңы жылда ички паспорт менен кире албай турганы айтылып, ID-card менен жүргөн атуулдар жалпы жарандык паспорт алышы керектиги эскертилген эле.

Орусиядагы кыргызстандык мигранттар укуктук маселелерден абдан кыйналышат дейт мигранттар менен иш алып барган уюумдар. Миграция боюнча жаңы талаптар сөзсүз оорчулугун тийгизет.

Эмгек миграциясына жакындарынын, айылдаштарынын чакыруусу менен мыйзамсыз барып алып, жумуштан алданып, же документтери туура болбой, ооор шарттарда жашап, иштеген миңдеген жаштар бар. Ал эми мекенинде болсо алардын заарыга күтүп, алар тапкан акча менен күн кечирген бүлөөлөр. Болжолу Орусия аймагынын өзүндө эле жарым миллиондон 1 миллионго чейин эмгек мигранттары бар деп айтылып келатат.

Өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушу да мигранттарга түздөн-түз байланган. Мигранттардын укугу тебеленип, ден-соолугу жабыркап, керек учурда өмүрү кыйылып табылган каражаттар менен миңдеген бүлөөлөр тирчилигин кылдыратып келатат. Жашоо-турумуш тикеленүүдө. Ал эми мигранттарга жылуу сөз айтып, колдоо көрсөткөн, алардын көйгөлөрү менен күрөшкөн аракеттерди акыбети көрүнө элек.