Нарында бийлик өкүлдөрү эл менен жолугуп, электр көйгөйүн талкуулашууда

24-декабрда Нарында электр каатчылыгы менен кымбатчылыгына нааразы болгондор кайрадан митингге чыгышты. Бишкектен барган Энергетика, Финансы жана Социалдык коргоо министрлигинин өкүлдөрү митингичилер менен жолугуп, алардын талаптарын талкуулап жатышат.

Жыйырма пайыз суукту демейде тоотуп койбогон тоолуктар үчүн кыш быйыл кыйынчылык менен башталды. Сууктун күчү декабрдын башында 40 градуска чыгып барып кайра тартты. Ошол күндөрү отун-суудан кыйналган үй-бүлөлөр суукка чыдабай, электр кубатынын каатчылыгы менен кымбаттыгына нааразы болуп, митингге чыгышканын Би-Би-Сиге жергиликтүү лидер Бактыгүл Жумабаева билдирген.

Митингге чыккандар кышы катаал тоолуу аймакта жашаган нарындыктар үчүн электр кубатынын 1500 квт саат көлөмүн мурдакы баасы боюнча калтырууну талап кылышууда.

Нарын шаарында жылына жүзгө жакын үй-бүлө жергиликтүү бийликтен отун-суудан жардам алып турчу экен. Быйыл шаардык бийлик алардын санын көбөйтүп жатканын айтууда. Анткен менен жергиликтүү элдин ичинде социалдык колдоого муктаж адамдардын арасында киши көп деп жатышат.

Жергиликтүү элдин нааразылыгын күчөткөн дагы башка чыр маселелер да бар. Алардын бири жакында он чакты адамга бийликтен элүү миң сомдон таратылып берилгени жөнүндө нааразылык болуп жатат. Митингге чыгып жаткандардын нааразылыгын жараткан жагдай, элүү миң сомдон алгандардын арасында жабыркап эч кыйналбаган, алты саны аман, оокаты жетиштүү адамдардын кирип алганында болуп жатат.

2010-жылы дагы электр акысы чукул кѳтѳрүлгөндө нарындыктар биринчи болуп толкуган. Ошондон от алган нааразылык күчөп отуруп, акыры Бакиевдин бийлигинин кулашына алып келди. Ошол себептүү, азыркы Ѳкмөт дагы нарындыктардын митингге чыгып жатканына чочулоо менен карап турат.