Баткен: өрттөлгөн сарайлар иликтенет

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Баткендеги Булак-Башы жайлоосунда онго жакын турак-жай, сарайлар атайын өрттөлгөнүн кабарлады. Милициянын божомулунда турак-жайлар тажик жарандары тарабынан өрттөлүшү мүмкүн.

“Бизге 24-декабрь күнү кечинде Булак-Башы жайлоосунда элдин жай мезгилинде жашап турган тогуз турак-жайы, сарайы күйүп кеткендиги жөнүндө маалымат келип түшкөн. Баткендик сегиз жарандын турак-жайы атайын өрттөлгөндүгү аныкталган”, - деди Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы.

Баткен районунун Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Булак-Башы жайлоосу Ворух анклавынан 12 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аталган жайлоого кышында эч ким басып барбайт. Жергиликтүүлөр бул окуяга коңшулаш Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларын күнөөлөп жатышат. Алардын баамында, тажик жарандары жайлоого ээлик кылууну каалашат.

Сүрөттүн автордук укугу n
Image caption Сегиз кыргыздын тогуз турак-жайы атайын өрттөлгөнү аныкталган

Учурда Баткен РИИБи атайын өрттөө фактысы боюнча кылмыш иши козгоп, тергөө иштерин жүргүзүүдө. Келтирилген чыгымдарды аныктоо жана өрттүн келип чыгуу себептерин аныктоо боюнча экспертизалык топ иштөөдө.

Тажикстандын Ворух аймагына жакын жайлоолордогу турак-жайларга атайын өрт коюу учурлары мурда да бир нече катталган. Жылдын башында эле чек ара тилкелериндеги жайлоолордогу он бешке жакын сарай өрттөлүп кеткени кабарланган.

Үйү өрттөлгөндөр бул көрунүштүн тыйылышын талап кылып, жол бууганга чейин барышып, жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары түшүндүрүү иштерин жүргүзгөндөн кийин тарап кетишкен.

Ак-Сай менен Тажикстандын Ворух анклавынын тургундары ортосунда соңку учурда бир катар чыр-чатактар катталды. Маселенин көбү чек аранын так аныкталып тактала электигинен дейт талдоочулар. Жыл башында бул жерде чек арадагы ок атышуу орун алган. Бул окуядан кийин да майда-барат чыр-чатактардын бир нечеси жүз берди.