С.Жапаров: Качанкыга чейин элди алдап жүрө беребиз?

Садыр Жапаров
Image caption Садыр Жапаров

Мурдагы депутат, учурда Польшада жүргөн ишмер Садыр Жапаровдун “Саясаттагы он жыл” аттуу китеби жарыкка чыгып, кызуу талкууга түштү. Жапаров 2005-жылдан баштап азыркы учурга чейинки кыргыз саясаты жана саясатчылары тууралуу эскерүү китебинде саясий күрөштөр, ар түрдүү лагерлердеги саясий лидерлердин өз ара ымаласы, бийлик бөлүштүрүү, шайлоо жана Кумтөр маселелери тууралуу кеп козголгон.

Жапаров бул китептин кириш бөлүгүндө: “Кыргызстандын 2005-жылдан берки саясатындагы өзүм күбө болуп катышкан, ар бир саясий чындыкты жазып, тагыраак айтканда, «Кайсы саясатчы чындап мамлекетке күйөт, кайсы саясатчы өз чөнтөгү үчүн иштейт, кайсы саясатчы мамлекеттин мүлкүн уурдады, кайсы саясатчы мамлекетти өнүктүрүп кетүүгө өз салымын кошо алат, кайсы саясатчы көр оокаттын кулу» жана ушул сыяктуу кызыктуу саясый окуяларды бурмалабастан так жана даана чагылдырып, саясий каармандын өз атын атап, ар бир окуянын жүрүшүн кеңири баяндаганга аракет кылдым, - деп жазган.

Автор "Саясаттагы он жыл" аттуу китебин жаш саясатчыларга сабак болуп калышы керек, чындык акыры ачыкка чыгаарын алар билиши керек деген ойдо жазганын айтууда. Би-Би-Си кабарчысы Ибраим Нуракун уулу Садыр Жапаров менен байлынышып, сиз кайсыл "чындык" жөнүндө айтып жатасыз? - деп сурады.

Садыр Жапаров: Китебимде кайсыл саясатчылар мамлекеттик кызыкчылыкты унутуп жеке кызыкчылыкты ойлоп кеткени айтылган учурлар бар. Ал эми жаш саясатчыларга сабак болсун дегеним, азыр көптөгөн жаш саясатчылар эл алдына чыгып алып чын жүрөгүнөн ар-түрдүү убадаларды берип жатат. Силердин турмушуңарды жыргалчылыкка алпарабыз деп жатышат. Анан алар дагы эртең байлыкты, бийликти көргөндөн кийин ошого азгырылып кетпестен, мамлекетке ак кызмат кылсын деген ой менен, тарбия береби деген үмүттө ушул китепти жаздым.

Ибраим Нуракун уулу: Китебиңизде Кыргызстандын соңку тарыхында айтылбай калган кандай урунтуу фактылар бар деп эсептейсиз?

Садыр Жапаров: Көп фактылар бар. Алардын ичинен Кумтөр маселеси, ошондой эле 3 тонна алтынды өлкө сыртына чыгарып кетишкени тууралуу окуялар бар. 3 тонна алтынды 2011-жылы президенттик шайлоо күнү, 30-октябрда Түркияга чыгарып кетип атышат. Түркияда ошол мезгилде жер титирөө болуп, жабыркагандарга жардам берүү максатында Кыргызстандан гуманитардык жардам жөнүтүлгөн. 30 тонна жүктүн арасындагы ундун каптарына алтынды жашырып чыгарып кетишкен. Мен ушул тууралуу дагы китебиме жаздым.

Ибраим Нуракун уулу: Бул айткандарыңызга далил келтирип, сот аркылуу чын-төгүнү аныкталбаса коомчулукту ынандыруу кыйын болсо керек. Чыгармаңыздын “Саясий сатуу” деген бөлүгүндө азыркы президент Атамбаевдин ошол учурдагы президент Курманбек Бакиевдин колунан “Данакер” орденин алып, жетекчилик сапатын мактаганын жазыпсыз. Бирок, ошол эле учурда сиздин өзүңүздү кыргызстандыктар Бакиевдин командасында тыгыз иштеген саясатчы катары таанып калышпадыбы. Көп жылдар өткөндөн кийин Бакиев менен Атамбаевдин ортосундагы кызматташууну баса белгилегениңиздин себеби эмнеде?

Садыр Жапаров: Мен Бакиевдин мезгилинде эки жыл иштедим. Эч өкүнбөймүн. Комиссар болуп турганда ошончолук тажрыйба топтодум, эл үчүн колуман келишинче иштеп бердим. Бирок, бир нерсени ачык айтып коеюн, комиссар деген аты улук, супарасы курук кызмат болгон. Колунда эч кандай укуктары жок кызмат эле. Ошол эле учурда Атамбаев деле Бакиевдин учурундагы өкмөттү башкарып туруп, укуктары бар болуп туруп, Кумтөр, Каркыра сыяктуу маселелерди эмне үчүн чечип койгон жок? Мен ошол тууралуу айттым.

Ибраим Нуракун уулу: Китебиңизде ошол учурдагы жана азыркы бийликтеги адамдарды коррупция менен айыптаган учурлар дагы бар экен. Мисалы, экологиялык посттордон түшкөн акчаларды Ак-Үйдөгү кишилер бөлүп алат, бажы тармагы 20 жыл мурун кандай болсо азыр деле ошондой, электр энергия тармагында Ширшовдун системалары азыр деле иштеп жатат депсиз. Андай болсо, эмне үчүн Бакиевдин тушунда өзүңүз айткандай коррупцияга каршы мамлекеттик комиссияны жетектеп турган учуруңузда бул фактыларды айтып чыкпадыңыз, же кызматыңызды өткөрүп берип кетип калбадыңыз?

Садыр Жапаров: Мен комиссар болуп эки жыл иштедим. Ошонун биринчи жылы комиссарлыкты реформалап, адискөй кызматкерлерди топтогонго кетти. Экинчи жылы колумда эч нерсе жок болсо дагы, жылаңач баатыр сыяктуу көптөгөн чуулгандуу иштерди ачыкка чагыргамын. Анын баары КТРКда “Комиссар эскертет” аттуу көрсөтүү аркылуу жарыяланып турган. Менин сөзүмө ишенбесеңер архивди карасаңыздар баары чыгат. Ошол аракетим үчүн 2009-жылы ЦАРИИ түзүлгөндө биздин агенттикти жоюп салышкан. Бизди кадр кызматы агенттигине көз каранды кылып коюшкан. Мен андай болсо иштебейм деп кетип калгамын. Ошол кезде мени менен чогуу иштешкен кызматкерлер өздөрү указды көтөрүп келишип, биз менен иштеңиз деп суранышкан. Ошондуктан макул болуп апрель окуясына чейин иштеп турдум. Албетте, бардыгыбыз Кудайдын күнөөкөр пендесибиз. Менден дагы саясий болобу же башка болобу кемчиликтер кеткен. Аны эл өзү талдап алсын.

Ибраим Нуракун уулу: Кемчиликтериңиз болгонун өзүңүз деле айтып жатасыз. Бирок, эмне үчүн китебиңизде жалаң саясий оппоненттериңизди караладыңыз?

Садыр Жапаров: Мамлекеттик иштерде, элдин алдында менин кетирген кемчиликтерим жок деп эсептейм. Жеке мамилелерде кемчиликтер болгон болушу мүмкүн. Бирөөнө жумшак айтып, бирөөнө катуу айтып таарынтып алган болушум мүмкүн.

Ибраим Нуракун уулу: Китебиңиздеги дагы бир кызык жагдай бул сиздин “Ата-Журт” партиясындагы мурдагы үзөңгүлөштөрүңүзгө карата айтылган айыптар болуп жатат. Мисалы, Акматбек Келдибеков шайлоо учурунда ири суммадагы акча-каражатты жеп койгон деп айтып жатасыз. Эгер сизди бул иш боюнча Келдибеков жалган жалаа жапты деп сотко берсе, колуңузда жетиштүү далилдер барбы?

Садыр Жапаров: Келдибековбу, Атамбаевби же Каптагаевби кимиси болбосун сотко берсин. Мен ага даярмын. Менин бир гана шартым ачык сот болсун. Мен болгон фактыларды гана жаздым. Качанкыга чейин кыргыз элин алдап жүрө беребиз? Эртең эле шайлоо болот. Мейли мен шайлоого катышпай эле коеюн. Бирок, эл кандай жол менен алдынып калат? Кимге алдынып калат? Эмикиде алданбасын деген максатта эле жаздым бул китепти.

Ибраим Нуракун уулу: Сиздин Польшадан саясий баш паанек издеп жүргөнүңүздүн себеби эмнеде?

Садыр Жапаров: Мен Евробиримдикке, анын ичинен Польшага мени жылуу тосуп алып, жашай бериңиз деп жакшы шарт түзүп бергенине ыраазычылыгымды билдирем. Ал эми саясий баш паанек боюнча айтсам, бул экинчи маселе. Керек болуп баратса мен саясий баш паанек алам. Кереги жок болсо, Кудай буйруган күнү өз өлкөмө кайтып келем.