Эс албаган адамдар

Сүрөттүн автордук укугу v

Адатта жаңы жылдын кириши менен бардык мамлекеттик кызматкерлер, ишкерлер, дээрлик баары кыска мөөнөткө эс алууга чыгышат. Бул тыныгуудан пайдаланып кээлери жакындары менен кезигишсе, айрымдары тоого лыжа тепкени барып эс алышат. Бирок муну жалпылап айтуу кыйын. Эл арасында майрамдык маанайды сезбеген, эс алууга такыр маани бербегендер да арбын.

Туздуу курут. Ооба, мен жашаган райондо туздуу курут саткан бир аксакал бар. Сарыдан келген бул жайдары ата калың тонун кийип алып, жайдыр-кыштыр эл кызматында. Артында машинелер ары-бери зуулдап өтчү чоң жол, астында болсо эл кумурскадай жүрчү тротуар. Ошол кууш келген жерге эскирген столун жайып алып семичке, тамеки, сагыз, ар кандай таттуу жана албетте биз сүйгөн курут сатат. Бул кишинин эс алганын дээрлик көрбөйм, кээде жумуштан кеч кайтып калган күндөрүм да караңгыга аралашып, өткөн-кеткендерге соода кылып жатканын көрөм. Азыр да шам болуп баратат. Башкалар тоо тараптан лыжа байланып үйлөрүнө кайтып келе жатканда, курут сатып олтурган бул атаны кепке тарттым:

“Он беш жылдан бери ушул жерде соода кылабыз. Кемпирим бар, экөөбүз бири-бирибизге жардам беребиз. Эрте менен ал чыгат, түштөн кийин мен келип соода кылам. Кудайга шүгүр, экөөбүздүн тапканыбыз турмуш-тиричиликке жетет. Семичкени дүң сатып алып, үйдөн кууруйм дагы, кичинекей баштыкчаларга салып же стакандап сатам. Куруттарды болсо чекенелеп көп алышат, дайымкы кардарларым бар. Айрыкча чөбөгө кошулган туздуу курутту жактырышат”.

Карыя Кыргызстан эгемендик алган жылдары шаарга жер которуп келген экен. Айтымында, ошондон бери анын шаар түйшүгүнөн чолосу тийбейт. Себеби эмнеде?

“Кемпирим баатыр эне, алты кызым, бир уулум бар. Өзүм Баткен районунан болом. Ал жактагы үлүш жер, мал менен балдарымды багып кете албадым. Анан айласыздан, турмуштун агымы менен ички мигрант болуп шаарга келгенбиз. Алгач келгенде аябай кыйналдык, ач-ток күндөр болду. Азыр эми көнө түштүк. Акырындан аракет кылып жатабыз. Кыздарымдын баары турмушка чыгып кетти. Балам болсо окуу жайды бүткөн, азыр иш таппай жүрөт”.

Сүрөттүн автордук укугу f
Image caption Эл арасында майрамдык маанайды сезбеген, эс алууга такыр маани бербегендер арбын

"Эс алуу эмне экенин унутканбыз"

Майрам күндөрү эс алуу эмне экенин билбегендердин санын Жусуп да толуктайт. Анын кесиби арабакеч. Элдердин жүгүн ташып, акча алат. Сырттан караган адам карыган чал үйдө эле отурбайбы деп айтышы толук ыктымал. Бирок сүйлөшө келгенде анын тагдыры ушуга мажбур кылганын түшүнүүгө болот. Ал кеч үйлөнүп, учурда мектепте окуган жалгыз баласы жана бардык кыйынчылыкты чыдап көтөргөн жубайы менен турмуштун дагы оор арабысын тартып баратат:

“Жаңы жыл күнү, анын эртеси элдин баары эс алышты. Милдет кылбайм, бирок мен кадимкидей эле иштедим. Ушуга үйрөнүп калгам. Майрам күндөрү кардар көп болуп, жакшы акча таап жаттым. Учурдан пайдаланып, өксүгөн нерселерди сатып алдым”.

Жусуптун жашы кырк экиде экенин айтканда, анын жаштыгын, ден-соолугун оор жумуш алып койгонун түшүндүм. Анкени бетиндеги бырышы жана алдыңкы тиштеринин түшүп калганы эле, ичинде башкаларга айтылбай калган кыйынчылыктары бар экенин көрсөтүп тургандай.

“Балам жаш, азырынча акча тапканга, апасы экөөбүздү бакканга жарай элек. Жубайым аябай чыдамкай, ошон үчүн дагы баарын көтөрүп жашап келатат. Менин араба сүйрөп таап барган күнүмдүк акчам менен жашайбыз. Чогултуп үй салып, той кылсак деген тилектер бар. Убакыт өтүп эле баратат. Билбейм качан...”, - деп суроолуу карайт Жусуп.

Дагы бир маектешим Салима апа болду. Жаңы жылдык майрамдар ага абдан жагат. Анткени бул күндөрү анын товарлары жакшы өтөт. Базардын жанындагы көчөнүн боюна чакан стол жайып алып, арча жана кызылча сатат. Мен андан бош убактыңызды кантип өткөрөсүз? жумуштан бошоп чер жазып алыш үчүн эмне кыласыз деп сурадым.

“Силер мени алыстан карап туруп, бул кемпирдин багар-көрөрү жокпу деп ойлосоңор керек. Сезип турам, ошенткенсиңер. Андай эмес, балдарым бар. Бирок биз кредит алып, төлөй албай, турмушта көпкө аксап калдык. Анын үстүнө жолдошум арак ичип жүрүп каза болуп калды. Биз эс албайбыз. Бир балам татар кызга үйлөнүп, бизге мээрими жок. Аялын ээрчип баса берди. Азыр колумдагы баламдын жашы жыйырма алтыда. Экөөбүз жашайбыз. Анын жалчылуу иши болбогундуктан, кредитти чогуу төлөп жатабыз. Пенсиям 3500 сом. Аты эле болбосо, эч нерсеге жетпей калды”, - деп үшкүрөт Салима апа.

Бизге удаалаш көчөдө тез жардам унаасы кайдадыр шашып баратат. Базарды тегерете милиция кызматкерлери эки-экиден ээрчишип, күзөттө жүрүшөт. Аялдамада таксилер каз-катар тизилип турушат. Мен болсо кезектеги жүргүнчү автобусту күтүп турам. Булардын бардыгы бүгүн жумушта.

Your contact details
Disclaimer