Нарында электр тарифтерине нааразы болгондор митингге чыкты

Сүрөттүн автордук укугу b
Image caption Нарын шаарынын жашоочулары элдин көбү жакыр экенин, отун-суу болсо кымбат экенин айтышат.

Нарын шаарында жашоочулар тоолуу регион үчүн электр тарифтерин арзандатууну талап кылып, кайрадан митингге чыгышты.

Алар электр тарифтерин Нарын шаары жана алыскы райондору үчүн 70 тыйын наркында сактоо же арзан тарифтеги электрдин минималдык көлөмүн 1500-2000 киловаттка чейин көтөрүү жөнүндө талап коюшууда.

Жергиликтүү активисттердин бири Адыл Эсенбеков Би-Би-Сиге билдирген маалыматка караганда, митингге чыккандар менен облустук драма театрынын имаратында энергетика министри Кубанычбек Турдубаев жолукту. Ал электрге коюлган жаңы тариф саясатын түшүндүрүп, тоолуу аймактар үчүн электр наркын арзандатуу, жеңилдиктерди берүү маселеси каралып жатканын айтты.

Ошол эле учурда жергиликтүү активисттердин бир тобу тарифтерди арзандатуу жөнүндө жергиликтүү элдин коюп жаткан талаптарын колдоо менен катар аны саясатташтырууга каршы болушууда. Алар бийликке таарынган оппозициялык саясатчылар акча таратып, элди митингге азгырып чыгарып жатышканын айтышууда, бирок бул маалыматтын далилдери чыга элек.

Бактыгүл Жумабаева, Эркин Асаналиев сыяктуу активисттер өз кезегинде оппозиция тымызын аралашып жатат дген маалыматты төгүндөп, митингге эл өзү эле чыгып жатканын айтышууда.

Сүрөттүн автордук укугу b
Image caption Нарын шаарында кээ бир колунда жок үй-бүлөлөрдө көмүр алууга акча жок, от жагылбай, чиедей балдар үшүп жаткан кейиштүү көрүнүштөр бар.

Нарын областында кыш узакка созулат, алты айга чейин кетет. Азыркы учурда башка региондордо күн жылуу, бир гана Нарын областынын тоолуу райондорунда күн суук, сууктун күчү отуз градуска жетүүдө.

Ѳкмөт электр тарифтерин 700 киловатт саатка чейин 70 тыйындан, андан көп керектегендер үчүн 2,10 тыйындан койгон. Бирок бир жума мурда президенттин сунушу менен энергетика министрлиги 700 квт көп жаккандарга тарифти февраль айынан тарта арзандатып, аны 1,82 тыйынга түшүргөнүн билдирди.

Бирок бул чечим деле нарындыктардын нааразылыгын баскан жок, алар арзан тарифтеги электрдин минималдык көлөмүн эки миң киловатт саатка чейин көтөрүүнү талап кылышууда.