Бишкек: "Мухаммед пайгамбарымды сүйөм” аттуу митинг өттү

Сүрөттүн автордук укугу b

Бишкекте «Мен Шарли эмесмин, мен Мухаммед пайгамбарымды сүйөм” аталышындагы митинг өттү. Миңге жакын мусулмандар чогулган тынч митингге диний ишмерлер, депутаттар, казак, тажик, күрд диаспорасынын өкүлдөрү жана жөнөкөй тургундар катышты. Катышуучулар Франциядагы сатиралык “Шарли Эбдо” журналы жана Батыш өлкөлөрү диний ишенимдерди тебелеп, чагым жасап жатат деген сөздөрдү айтып, кыйкырып турушту.

Акцияга чыккандар карикатуранын кайра басып чыгарылышы диний баалуулуктарга акаарат келтирди деп сынга алышты. Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу “Шарли Эбдо” сатиралык журналы жана Батыш өлкөлөрү чагымчыл аракет жасап, мусулмандарды жаманатты кылып жатат деген пикирде:

“Франциянын миңдеген мыкты жазуучу, сүрөтчүлөрү бар. Анан кантип пайгамбардын карикатурасын тартып, шылдыңдаган журнал кызматкерлери баатыр болуп калсын? Учурда сатиралык журналды Европага даңазалап, ислам динине карама-каршы коюп жаткандар көп болууда. Батыш өлкөлөрү сөз эркиндиги деп эле аша чаап кетти”.

Сүрөттүн автордук укугу n
Image caption Митингге катышкандар Франциядагы “Шарли Эбдо” сатиралык журналынын тегерегиндеги окуялар кыргызстандыктарды да кайдыгер калтырбады деп айтууда

Бишкекте өткөн акцияга миңге чукул киши катышып, алардын катарында дин ишмерлери, депутаттар, казак, тажик, күрд диаспораларынын өкүлдөрү болду. Кыргызстандагы тажиктердин “Рудаки” коомдук бирикмесинин жетекчиси, экс-министр Равшан Сабиров акцияга өз пикирин билдирүү үчүн келгендердин бири:

“Батыш биздин динибизди, ишенимдерибизди сыйлай билсин. Алар бизге демократиясын таңуулабай эле койсун. Кыргыз, тажик, чечен, кимибиз болсок да бир динди карманган бир элбиз. Дин аралык араздашууга жол бербейбиз”.

Жогорку Кеңештин депутаты Ыргал Кадыралиева соңку апталарда дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп жаткан Франциядагы “Шарли Эбдо” сатиралык журналынын тегерегиндеги окуялар кыргызстандыктарды да кайдыгер калтырбады деп айтууда:

“Мен дагы өзүмдүн пайгамбарымды сүйөм. Акцияга чыккан жалпы мусулмандардын позициясын колдойм. Ошол эле учурда чогулгандар агрессияга алдырбайт деп ишенем. Андан тышкары эл өкүлдөрүнүн Франциядагы окуяларга реакция кылышын каалайт элем”.

Сүрөттүн автордук укугу b
Image caption Кадыр Маликов: мусулмандар өз баалулуктарыбызды коргоо үчүн чагымга алдырбашыбыз керек

Ал эми диний ишмер Кадыр Маликов журналдын тегерегиндеги окуялар, батыштын аракети диндердин кагылушуусуна алып келбеши керек деген ою билдирди:

“Алланын элчиси болгон Мухаммед пайгамбардын сүрөтүн талкуулап, карикатурага айлантып жатканы бүткүл мусулмандарды кыжырын келтирүүдө. Бирок мусулмандар өз баалулуктарыбызды коргоо үчүн чагымга алдырбашыбыз керек”.

Париждеги “Шарли Эбдо” басылмасына жасалган чабуул Европадагы нааразылыктардын толкунун пайда кылган эле. Ошол эле учурда Мухаммед пайгамбардын кайра басылган карикатурасы ислам өлкөлөрүндө каршылык акцияларын жаратты. Кечээ күнү Чеченстандын борборунда миңдеген кишилер катышкан нааразылык акциясы өттү.