АКШда кыргыз оппозициясы эмнени көздөйт?

Оппозиция өкүлдөрү АКШ мамлекеттик департаментинде жолугушууда болду. Анда Кыргызстандын өнүгүү багыты талкууланган. Кыргызстанда УОК өкүлдөрүнүн АКШга барышына кооптонуу менен карашууда. Би-Би-Си Улуттук оппозициялык кыймылдын өкүлү Уран Ботобековду маекке тартты.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.

Акчолпон Койчиева: Америкалык өкүлдөр менен кандай маселелер талкууланды?

Уран Ботобеков: Кыргыз улуттук оппозиция кыймылынын лидерлери, өкүлдөрү кечээ АКШ Мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбор Азия боюнча орун басары Дэн Розенблюм жана АКШ Улуттук Коопсуздук кеңешинин Евразия департаментинин башчысы Жастин Рейнолд менен жолуктук. Кыргыз саясатында оппозиция өкүлдөрү мындай жогорку деңгээлде жолугушууларды өткөргөн эмес экен. Бүгүн-эртең белгилүү сенатор, конгресмендер менен жолугабыз. Негизги тема - Кыргызстанда жүрүп жаткан саясий, экономикалык процесстер, демократия кандай жол менен баратат, ошондой эле басма сөз эркиндиги кандай нукта өнүгүп бара жатат деген маселелер тегерегинде сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Акчолпон Койчиева: Андай болсо, америкалыктар Кыргызстандагы учурдагы саясий абалга кандай баасын беришти?

Уран Ботобеков: Мамлекеттик департаментте дагы, Улуттук коопсуздук кеңешинде дагы бүгүнкү кризистик кырдаал боюнча булар толук кабардар экен. Албетте, биз тараптан айта турган сөздөрдү тыңдашты. Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги тууралуу көбүрөк сөз болду. Ошондуктан электрондук маалымат каражаттарын, күнкорсуз телевидениени өнүктүрүү жөнүндө талкуу болду. Андан тыкшары экономикалык кризис жөнүндө сөз болду. Ар бир кризис бул ошол эле учурда мүмкүнчүлүк. Ошол мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Кыргызстанда жумуш орундарын түзүү, парламенттик башкарууну түптөө, укуктук жана башка реформаларды жүргүзүү боюнча өзүбуздүн программабызды тааныштырдык. Бул жакка келээр алдында Кыргызстандын анти-кризистик программасын жарыялаган элек. Ушул реформаларды жүргүзүү боюнча эгер кыргыз бийлиги арымдуу кадам таштай турган болсо анда Батыш өлкөлөрдөн Кыргызстанда кандайдыр жардам болоору тууралуу Америкадан белги ала алдык.

Акчолпон Койчиева: Кыргыз коомчулугу силердин Вашингтонго барганыңарды өлкөдө революция жасоого камынып жатышат деп сыпаттоодо. Бул андай эмес деп, кантип ишендире аласыз?

Уран Ботобеков: Ооба биз да окуп жатабыз. Биз дагы бир жолу айткыбыз келет, Америка Кошмо Штаттарына революция жасоо үчүн эмес, же ага карата каржылык маселесин көтөрүү үчүн эмес, биз Кыргызстанда чыныгы экономикалык, саясий реформаларды жүргүзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз.

Акчолпон Койчиева: Кыргызстан Бажы биримдигине киргени, деги эле соңку жылдардагы тышкы саясатынын натыйжасында Орусиянын таасирине байланып калганы тууралуу көп айтылууда. Кыргызстандын Орусияга жакындаганы боюнча Америкалык өкүлдөр кандай ойлорун билдирди?

Уран Ботобеков: Ушул маселенин тегерегинде абдан жандуу, кызуу талаш-тартыш менен сүйлөшүүлөр жүрдү. АКШ мамлекеттик департаментиндеги жолугушууда мырза Дэн Розенблюм дагы бир жолу айтты, Кыргызстан Дүйнөлүк Соода уюмунун алкагында өзүнө алган жоопкерчиликти, милдетти аткарышы керек. АКШ Орусияга экономикалык санкцияларды киргизип жатпайбы. Ошондон чыккан кыйынчылыктар Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанда дагы тийгизип жаткан таасири чоң экенин жакшы билишет. Бул санкциялар ал аймактын элдерине каршы эмес, өзүнчө саясий маселе экенин түшүндүргөнгө аракет кылды.

Акчолпон Койчиева: Сиз жогоруда Кыргызстандагы экономикалык абалды айтып, массалык маалымат каражаттарындагы жагдайларды айтып, өлкөдөгү кризистик абал тууралуу америкалыктар кабардар экен дедиңиз. Ушул аталган жадайлар кризистик экенин кыргыз коомчулугу дагы моюнга алабы же бул оппозиция эле көтөрүп жаткан маселе деп кабылдап жатышатбы?

Уран Ботобеков: Сиздер экономикалык көрсөткүчтөрдү алып көрүңүздөр, экономикалык кандай өнүгүү болуп атат? Абдан кейиштүү көрүнүштөр бар, инфляция, жумуш орундарынын кыскарганы боюнча статистикалык маалыматтар бир топ эле кейиштүү абалда. Ушундай учурда бийлик дагы, оппозиция дагы өзүнүн чындыгын талашпай, жалпы бир чындыкты көрө билиши керек. Ошондуктан Улуттук оппозициялык кыймыл анти-кризистик альтернативалуу программаны жарыялап, ошол боюнча Америка Кошмо Штаттарына сунуштарды берип жатат. Бул биздин демилге АКШ бийликтери тарабынан натыйжалуу кабыл алынып, иш жүрө тургандай абалда деп эсептейм.