Юстиция министри кечирим суроодон баш тартты

Сүрөттүн автордук укугу b

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов ЖКдагы коалициялык көпчүлүктүн кеңешинин жыйынында А. Салянованы баш прокурор кызматынан кетирген Д. Нарымбаев болду деген сөздү айтпаганын билдирип, президент аппаратынын жетекчисинен кечирим суроодон баш тартты.

Алмамбет Шыкмаматов «Аида Салянованын отставкасы Нарымбаевдин оюндары» деп эч качан айткан эместигин белгилеп, анын гезиттен келген журналистке сүйлөгөн сөзүндө баш прокурор кызматына төрт талапкердин бири Данияр Нарымбаев болушу мүмкүн экенин гана айтканын билдирди.

«Мен эле эмес, баары эле ушундай деп жатышкан. Бул жөн гана пикир алмашуу болгон эле. Кийин журналист менин сөзүмдөн үзүндү жарыялап, ар кандай жоромолдор чыгып кетти»,-деди Алмамбет Шыкмаматов.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Ѳмүрбек Текебаев Алмамбет Шыкмаматовдун таламын талашып, юстиция министри мыйзам боюнча жоопкерчилик көтөрбөй турганын билдирди.

Президент аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов аны саясий оюндарды уюштуруп, баш прокурорду кызматтан кетирди деп гезитке жарыялап, жаманатты кылды деген негизде анын кечирим сурашын талап кылууда жана бул маселени кароону суранып, башкаруучу коалициянын кеңешине кайрылган болчу.

Алмамбет Шыкмаматовдун маеги «Азия ньюс» гезитине 22-январда жарыяланып, андан ары интернет менен тарап кеткен болчу. Башкаруучу коалициянын талашы бүтө элек, эми алар журналисттин өзүн чакыртып, анда министр сүйлөгөн сөздүн жазуусу барбы жокпу, ошону текшермекчи болушууда. Ошол эле учурда башка депутаттар коалициянын ичинен чырдашып-чырылдашууну токтотууга чакырышууда.

Ал ортодо байкоочулар бул жаңжал коалицияны бир жагынан жаманатты кылып, экинчи жагынан аны ичинен ыдырашына же Ѳкмөттүн таркашына алып келиши мүмкүн деген жоромолдорду жасап жатышат.