Кыргызстан: элдин өкмөткө ишеними беш эсеге жогоруладыбы?

Сүрөттүн автордук укугу v
Image caption Улуттук стратегиялык изилдөө институтунун сурамжылоосуна ылайык, 2014-жылы элдин өкмөткө ишеними беш эсеге жогорулаган

Кыргызстандын Улуттук стратегиялык изилдөө институту элдин ишенимине карата мамлекеттик органдардын рейтингин аныктады. Ага ылайык, 2014-жылы элдин өкмөткө ишеними беш эсеге жогорулаган. 2012-жылы элдин өкмөткө ишеними өтө аз болгон. Ошол эле учурда баңгизаттарды контролдоо мамлекеттик кызматы, финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтарга элдин ишеними аз деген корутунду чыгарылды. Бирок бул маалыматтарды чындыкка коошпойт деп ишенбей жаткандар да бар.

Улуттук стратегиялык изилдөө институтунун изилдөөсүнө ылайык, элдин ишенимине кирген мамлекеттик органдардын сап башында жергиликтүү башкаруу органдары турат. Экинчи орунда жергиликтүү райондук администрациялар, үчүнчүдө өзгөчө кырдаал министрлиги турат.

Мамлекетик органдардын элге кызмат көрсөтүүсү боюнча билим берүү жана илим министрлиги, тышкы иштер министрлиги, мамлекеттик каттоо кызматы сыяктуу мекемелерге жакшы деп баа берилген.

«2012-жылдан тартып «өкмөттүн алдындагы министрликтер жана ведомстволорго элдин ишеними кандай?», деген сурамжылоо жүргүзүп келатабыз. Алгач баштаган жылы элдин өкмөткө ишеними өтө аз болгон. Өткөн жылдын көрсөткүчү боюнча, дээрлик бардык министрликтер жана ведомстволорго элдин ишеними арткан», - деди Улуттук стратегиялык изилдөө институтунун төрага орун басары Арсланбек Өмүрзаков.

Сүрөттүн автордук укугу v
Image caption Арсланбек Өмүрзаков, Улуттук стратегиялык изилдөө институтунун төрага орун басары: Өткөн жылдын көрсөткүчү боюнча, дээрлик бардык министрликтер жана ведомстволорго элдин ишеними арткан

Анткен менен элдин ишенимине кире албаган мамлекеттик органдар да көп. Алардын сап башында баңгизаттарды контролдоо мамлекеттик кызматы, финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы, жазаларды аткаруу мекемеси сыяктуу органдар бар.

Ал эми энергетика министрлиги, финансы минситрлиги, геология жана минералдык ресурстар агенттиги жана башка мекемелер элге кызмат көрсөтүү, жасаган иштерин элге түшүндүрүү жагынан эң артта деп бааланды.

Мындай сурамжылоонун жыйынтыгына жарандык активисттер да макул. “Таза табигат” бейөкмөтүнүн төрайымы Анара Дауталиева Энергетика министрлигине ишеним такыр жоголду дейт. Дауталиеванын айтымында, буга тарифтердин 300 пайызга көтөрүлүшү, өлкөнүн суу сактагычтарындагы суу сарамжал пайдаланбаганы сыяктуу факторлор себеп болгон:

“Энергетика жана өнөр жай министрлигине жалпы кыргызстандыктардын ишеними жок. Алар Токтогул суу сактагычына суу аз топтолду деп элди алдап, сууну сатып жиберишкен. Менде тиешелүү документтер бар”.

Дауталиева кошумчаландай, энергетика министрлигине гана эмес, Кыргызстандагы күч түзүмдөрүнө, өзгөчө милицияга элдин ишеними өтө төмөн болгону сурамжылоодо көрсөтүлгөн эмес:

“Улуттук стратегиялык изилдөө институту объективдүү талдоо жүргүзгөн эмес. Аталган институттун жетекчиси буга чейин да өкмөттүн таламын талашып, туура эмес иликтөөлөрдү жарыя кылган. Анан кантип бул сурамжылоого ишенебиз?”.

Кыргызстандын мурдагы ички иштер министри, профессор Болотбек Ногойбаев бийлик башындагыларга ишенимдин кеткенин элдердин жашоо шарты жана коомчулуктун аң-сезиминин өзгөргөнү менен байланыштырат:

“Азыр эл милицияны, сотту, улуттук коопсуздук комитетин, прокуратураны, парламентти дегеле эч бир мекемени жактырбайт, ишенбейт. Мындай айтканда, эл өзүнөн башка эч кимге ишенбей калган. Бирөөнү сыйлоо деген жоголуп кеткендей. Коомчулуктун ыйманы, маданияты төмөнкү деңгээлге түшүп кеткен. Мунун баары өткөөл мезгил болсо керек”.

Улуттук статистикалык комитет мындай иликтөөлөрдү өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы 3600 адамдан сурамжылоо жүргүзүп жасаган. Улуттук стратегиялык изилдөө институту ага талдоо жүргүзгөн. Аталган мекеме мамлекетке көз каранды болгону үчүн анын талдоосу объективдүү болгон жок деп ишенбегендер да болууда.