Экстремизмге айыпталган имам эки айга камалды

Сүрөттүн автордук укугу v

Апта башында милиция тарабынан экстремизм боюнча айыпталып кармалган Оштун Кара-Суу районундагы мечиттердин биринин имамы Рашод Камалов эки айга камакка алынды.

Ага халифат курууга үндөп, мамлекеттик түзүмгө каршы чакырыктарды таштаган, экстермисттик маанайдагы үгүт материалдарын тараткан деген айыптар тагылып жатат. Анын баш коргоо чарасын карган соттук жараян Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын имаратында өттү.

Укук коргоо органдары Рашод Камаловду кыргызстандык жарандарды Сирияга азгырып жөнөтүп турганы боюнча да көп маалыматтар териштирилип жатканын билдирүүдө.

Камалов кармалган учурда эле облустук казыят ал расмий түрдө мечиттин имамы болгон эмес деп айтып чыккан. Ош облусунун казысы Ниязаалы ажы Ариповдун айтымында, ал өз жамаатынын лидери катары белгилүү болгон.