Кредитин төлөй албагандар мамлекеттен карыз сурашат

Сүрөттүн автордук укугу c

Микрофинансылык уюмдардан карызын төлөй албай калгандар айрым мыйзамдарды кабыл алууну сурап жатышат. Алар жеке кардарлардын банкрот болуусу боюнча мыйзам болсун дешет. Андан сырткары мамлекет алардын карызын төлөөгө убактылуу каражат бөлүп берүүсүн каалашат. Буга чейин Жогорку Кеңеш кардарлардын кызыкчылыгын коргоо максатында сүткорлук тууралуу мыйзам кабыл алган. Карызын уюмдарга төлөө багытында мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилген.

«Мен 20 миң сом үчүн үйүмдү саттым, машинамды, жеримди саттым. Аягында кайын атамдын да, өзүмдүн да малдарымды саттым. 150 пайыздык үстөк менен алгамын. Пайызын күндө эки миң сомдон төлөчүм, кечигип калганда дагы көбөйтүп жиберчү. Ошентип ал акчанын туундусу өсүп кетти. Бирин жабыш үчүн экинчисин, үчүнчүсүн алдым». Азыр карызы 200 миң сомго жакындаган караколдук Руслан 2008-жылы микрокредиттик компаниядан 20 миң сом алганын айтууда. Бирок адистер ал жеке насыя берүүчүдөн алган үчүн күн санап акчасы өсүп отурганын айтышат.

Улукман болсо Жалал-Абадда алган: «Мен кредит алып жатканда пайызы 1,6 дешкен. Кийин төлөй албай калганда эсептешсек, жылдык үстөк пайызы 70 пайыз болуп кетет экен. Банктардын мыйзамы бир тараптуу, өздөрүнүн кызыкчылыгына гана иштейт. Биз азыр коюп жаткан талаптарды тезинен бир айда аткарып бергиле. Болбосо биз ушуга чейин кармап келген элди кармап тура албайбыз».

Сүрөттүн автордук укугу c

Кыргызстан боюнча микрокредиттик уюмдардан 700 миңдей киши кредит алган деген маалымат бар. Алардын канчасы төлөй албай жүрөт белгисиз. Өлкө боюнча төлөй албагандар биригип кыймыл да түзүшкөн. Ага жогорудагыдай банктан алганы да, чакан уюмдан же жеке тараптан алганы да кошулуп, мамлекеттен жардам издөөдө. Насыя алуучулардын укугун коргогон кыймылдын башчысы Кубат Токсобаев алар сунуштаган мыйзам долбоору менен тааныштырды:

«Банкрот болуу тууралуу мыйзамда биз акыркы үйдү албасын деп жатабыз. Бул башка мамлекеттерде бар. Кредит мекемелери карыз болуп калгандардын пособия, пенсияларын алып коюшат, ага да тийишпесин. Андан кийин жеке тараптан алынган кол карыздарга чектөө киргизилсин. Ошолордун айынан карызга батып жатышат. Элге саналуу гана банктар ачылсын».

Насыя алуучулар мындан сырткары өкмөт кыргыз-орус фондунан каражат бөлүп, алардын карызын төлөп берсе, кийин кайтарып беребиз дешүүдө.

Кредит алгандар берген уюмдардын жогорку үстөк пайызынан, алардын көз боёмочулугунан сазга баттык деп эсептешет. «Укуктук мейкиндик» коомдук фонду 30 айыл өкмөтүндө, 1050 адам катышкан сурамжылоо жүргүзгөн. Анда көпчүлүк акча алаарда эч бир эрежеге көңүл бурбаганы, кредиттик уюмдар мындан пайдаланаары айтылат. Фонддун өкүлү Сулайман Усеновдун айтымында, суралгандардын 25 пайызы тойго, сегиз пайызы өлүм житимге кредит алган:

«30 пайызы миграция үчүн, эки пайызы кийим-кеч сатып алыш үчүн, 35 пайызы чыныгы бизнес жасоо максатында алышкан. Ошондо 65 пайызы башка максатта колдонуп жатат. Калп айтып, жалган бизнес планды көрсөткөм дешти. «Эмнеге» деген суроого шашылыш акча керек болгон учурда алчумун деп жооп беришкен. Алардын 95 пайызы акча алаардан мурда келишим менен таанышкан жокмун дейт».

Сүрөттүн автордук укугу v
Image caption Карызын төлөй албай, үй-жайсыз калгандарды изилдеп, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары укуктук-нормативдик актыларга өзгөртүү киргизүү керектигин айтууда

Микрокредиттик уюмдар тууралуу мыйзам 2002-жылдан бери иштейт. Анда бул уюмдардын негизги максаты элдин социалдык абалын көтөрүү, ишмердүүлүгүн арттыруу деп каралган. Кредит алаарда кардардын төлөө мүмкүнчлүгү, үй-бүлө кирешеси, чыгашасы, иштебей отурган мүчөлөрү тыкыр изилдениш керек. Айрыкча, бир гана мүлкү болсо ага берилбеш керек.

Келишим түшүнүктүү, кардар каалаган тилде жазылыш керек. Аны кардар аткарбаган учурда эмне болоорун уюм жазуу түрүндө түшүндүрүп берүүгө милдеттүү.

Микрокредиттик компаниялардын биринде иштеген Максат чындыгында жүз миңден ашык кардардын 0,5 пайызы гана төлөөдө кыйналганын айтууда:

«Биз кардардын абалын изилдеп көрүп, негиздүү болсо абдан чон суммаларды кечип келебиз. Мына, маалымат каражаттарына чыкты, Кыргызстан кредит алуучулардын укугун коргоо боюнча Канада, Гонконг менен катар үч өлкөнүн катарында турат. Насыя алгандардын кызыкчылыгын коргогон эл аралык «Смарт Кэмпейн» деген уюм бар. Алар Кыргызстандагы бир канча кредиттик уюмга сертификатын берди. Алар ар кимге бере бербейт».

Карызын төлөй албай, үй-жайсыз калгандарды изилдеп, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары укуктук-нормативдик актыларга өзгөртүү киргизиш керектигин айтууда. Алардын бири Айнуру Алтыбаева тиешелүү мыйзамдарга буга чейин да өзгөртүүлөр киргизилгенин белгиледи:

«2011-жылдан бери бир нече өзгөртүүлөрдү киргизип, алар кабыл алынган. Биринчиси, кардардын абалы, төлөө учурунда күтүлбөгөн, өзгөчө кырдаал тууралуу. Экинчиси, мурда кредитти мөөнөтүнөн эрте төлөйм десеңиз штраф алчу, ошону жокко чыгардык. Үчүнчүсү, коллегам Улукбек Кочкоров акыркы үйүн соттун чечимисиз алып коюуну жойду».

Мындан сырткары эки жыл мурда микрокредиттик уюмдар боюнча «сүткорлукту чектөө» мыйзамы кабыл алынган. Улуттук Банктын кардарлардын укугу боюнча бөлүм башчысы Сейитбек Шаршенов карызын төлөй албай калгандар жалпы насыя алгандардын эки гана пайызын түзөт дейт. Айтымында, сүткорлук тууралуу мыйзамдан кийин микрокредиттик уюмдардын пайыздарын жогору деп айтууга болбойт:

«Өлкөдөгү абал карыз болуп калгандар айтып жаткан сыяктуу эмес. Мыйзам кабыл алынгандан кийин пайыздар кыйла түштү. Анда «чектелүү пайыздын көлөмү» деген түшүнүк кирген. Жалпы көлөмгө он беш пайыз кошулат, ошондон ашпайт. Азыр жеке кишилерден алып, анын пайызы өтө өсүп кетүүдө. Ошолордон албаш керек».

Карызын төлөй албай калгандар мамлекет жардам бербесе көтөрүлөөрүн айтыууда. Ал эми Улуттук Банк ар бир учур өз-өзүнчө каралыш керектигин, уюм менен кардардын ортосундагы мамилени өздөрү же сот гана чечээрин айтууда. Улуттук Банк кардардын укугу тебеленип, мыйзам бузулду делген учурда микрокредиттик компанияларга чара көрөт. Өткөн жылы андайлардын үчөөсү лицензиясын алдырган.