Бишкекте эмгек жарманкеси өтүп жатат

Бишкекте жумуш издеген кыргызстандыктар үчүн эмгек жарманкеси өтүүдө. Иш-чарада жумушсуздар үчүн түрдүү кесиптеги 4000ге чукул иш орду сунушталган.

Алардын арасында электрик, педогог, ашпозчу жана башка ар кандай жумуш орундары бар.

“Жүздөгөн шаар жашоочуларынын катышуусунда өтүп жаткан бул жарманкеге келгендердин көпчүлүгү диплому жок, кара жумуш издеп келгендер”, - дейт калкты ишке орноштуруу кызматынын башчысы Гүлмира Аскерова.

Image caption Гүлмира Аскерова

“Кыргызстанда жумуш жок деп айтууга болбойт. Жумуш жетээринче көп, бирок адамдардын жумуш табуу, жумуш тапса ага ылайык келүү мүмкүнчүлүктөрү төмөн. Көпчүлүгү эмгек акы төмөн деп эсептешет. Эмгек жарманкесин уюштурганбыздын бирден-бир себеби жумуш таппай жүргөндөргө жардам берүү. Буюрса, кызыккандар көп. Алардын көпчүлүгү короолчу, тигүүчү, мугалимдик кесип сурагандар. Эч болбосо, жарымы өзүнө туура келген ишти тапса экен деп турабыз”, - деп кошумчалады ал.

Расмий маалыматтар боюнча, Бишкек шаарында он миңге жакын жумушсуз бар. Ал эми бейрасмий түрдө ишсиздердин саны мындан 3-4 эсеге көп экени божомолдонуп келет.