Бегиев: эпизоотикалык кырдаал кооптуу

Ветеринардык кызматтын башкы адиси Каныбек Бегиев
Image caption Ветеринардык кызматтын башкы адиси Каныбек Бегиев

Адистер Жалал-Абад аймагындагы Көк-Таш айылында союлган малдын этинен күйдүргү табылганын тастыкташты. Мындан мурдараак, бул айылда аталган илдетти уйдун этинен жуктуруп алган деген шек менен жети киши ооруканага жаткырылган.

Жергиликтүү бийлик учурда айылга карантин киргизип, малды эмдөө иш-чараларын жургүзүүдө. Күйдүргү, шарп ылаңы сыяктуу илдеттер Кыргызстандагы калктын саламаттыгына жана мал чарбасына гана кесепетин тийгизбестен, коңшу өлкөлөр менен соода-сатык байланыштарына дагы зыян келтирүүдө дешет адистер.

Би-Би-Си кабарчысы Айбек Абдылдаев Оштогу Ветеринардык кызматтын башкы адиси Каныбек Бегиевди кепке тартып, күйдүргү илдети, анын тароо жолдору, эпизотикалык кырдаал боюнча маектешкен.

Каныбек Бегиев: Күйдүргү көбүнчө мал-жандыктан адамга жугат. Оорунун козгогучу жерде бир кылымдап жашайт. Кыргызстандын аймагында күйдүргүнүн 1200дөн ашуун очогу катталган. Анын ичинен Ош облусунда 258, Ош шаарынын өзүндө 19 очоктун алтоо табылбай калган. Алардын төртөө имараттын алдында калып, экөөнүн дайыны жок.

Суроо: Күйдүргүнүн очокторунун табылбай калган учурлары башка аймактарда деле бир топ экени айтылып келатат. Бул жагдай абдан кооптуу да.

Каныбек Бегиев: Белгисиз болуп калганы, көчкү алып, же сел жууп кеткен жайгдайлардан улам да. Ооба, туура бул абдан кооптуу. Оорунун козгогучу жүз жылдап жашагандан кийин эгер жагымдуу шарттар болуп калса жерде туруп алып да көбөй турган мүмкүнчүлүгү бар микроб. Ошондуктан биздин кызмат тарабынан күйдүргүгө каршы мал-жандыктарды эмдетип келатабыз. Бир жылда эки жолу. Ошондо дагы толук өтпөй калган учурлар көп. Ылаңдаган малдар боюнча иликтеп келгенде көбү эмделбей калгандан болууда. Себеби биздин өлкөдө аптада жети күн болсо ар күнү ар аймакта мал базарлар болот. Мал-жандыктардын 20-30%ы бошол себептерден эмделбей калган учурлары болууда.

Сүрөттүн автордук укугу AP

Суроо: Ваксиналар жетиштүү элеби?

Каныбек Бегиев: Биздин жетекчилик да айтып жатат, парламенттин комитетинде да каралган. Бизге керектүү ваксинанын 16%ы гана мамлекет тарабынан каржыланат экен. Бул деген 100 койдун 16 ысына гана сайылат деген сөз. 22 түрдүү жугуштуу ылаңга өкмөт акча бөлүшү керек. Бул ветеринария боюнча мыйзамда каралган. Акча тартышытыгынан улам алты-жети ылаңга гана каражат бөлүнүп жатат. Анан адистердин тартыштыгы да өзүнө чоң көйгөй. Шарты жакшы болгон бизде 70ке жакын адис керек. Эми тоолуу аймактарды айтпай эле койолу.

Суроо: Күйдүргүнүн адамдарга жуккан фактылары көп катталып жатат. Балким ошол адистердин тартыштыгынын да буга себеби бардыр. Элет жеринде ылаңдаган малды көрсөтө турган ветеринар жок болгондон кийин сойуп, этиин жеп алып жатышпайбы?

Каныбек Бегиев: Мындай учурлардын көбүндө кишилер өздөрү күнөлүү. Алар адистерге көрсөтпөй туруп ылаңдап калган малдарды сойуп эле айылдаштарына таратып жиберишет. Мындан бир топ жыл мурун ушундай жагдайдан улам 800ге чейин адамдарга ылаңдаган малдын эти таратылган учурлар болгон. Анан ооруканга түшкөндөн кийин гана биз билип калып жатабыз. Мал ылаңдап калган учурда айыл өкмөттөрдө ветеринардык адистер бар ошолорго кайрылыш керек. Ал келип карап кеткенден кийин уруксат кагазы менен анан сойуш керек же башка чарасын көрүш керек.

Суроо: Учурдагы эпизотикалык кырдаал кандай?

Каныбек Бегиев: Кооптуу деп айтам. Себеби кыштын күнү күйдүргү илдети өтө сейрек катталат. Феваралда катталып жатканы бул да бир белги. Ошондуктан мал-жандыктардын ылаңын көзөмөлдөшүбүз керек. Анткени бул калктын саламаттыгы менен түздөн түз байланыштуу да. Биз илдеттердин кесепеттери менен күрөшүүгө каржаттарды жумшабай, алдын алууга көңүл бурушубуз керек.