Жерүй кени кайрадан сатыкка коюлду

Жерүй алтын кенин иштетүүгө кайрадан тендер жарыяланды. Анын баштапкы баасы 100 миллион доллар. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Ноябрда бекитилген сынактын шартына ылайык, лизенция берилгенден кийин бир жылдын ичинде инвестор тиешелүү мамлекеттик орган менен өндүрүштүк, экологиялык жана кен байлыкты сактоо боюнча келишим түзүп, башка ар кандай объекттер курулса ага уруксаат алыш керек. Техникалык долбоор макулдашылгандан кийин үч айдан кечиктирилбей казуу ишканалары курулуп башташ керек.

Социалдык пакет 52 миллион долларды түзгөнү, лицензияны сатуудан жергиликтүү бюджетке үч миллион доллардан кем эмес каражат келээри айтылган. Сынактын шартында мындан башка да бир топ пункттар бар.

Буга чейин ондогон компаниялар изилдеп же иштетип келген кен 2012-жылдан бери токтоп турат. 2013-жылы өкмөт 300 миллон долларга сатууну чечкенде бир да инвестор табылган эмес.

Кыргызстанда алтындын запасы боюнча экинчи орунда турган Жерүй Талас районундагы «Чоң Чычкан» суусунун башында деңиз деңгээлинен 3200-3700 метр бийиктикте жайгашкан. Анын запасы 80-90 тонна деп айтып келишет.

Инвестор үчүн дагы кандай жаңы шарттар коюлган? Мамлекет кандай киреше алганы жатат жана бул объект дагы сатылбай калса эмне болот?

Журналист Азиза Марат кызы менен Экономика министрлигинин жаратылыш ресурстар саясаты боюнча башкармалык башчысы Адилет Акматалиевдин бул тууралуу талкуусун угуңуз.

Жабдыгыңыз медианын бул түрүн ойнотууга ылайыктуу эмес.