Оппозиция өз кадырын кандай баалайт?

Image caption Равшан Жээнбеков

“Улуттук оппозициялык кыймыл” парламенттик шайлоонун алдында кайсы партия, кандай платформанын алдында биригүү маселесин талкуулап жатат. Курамына бир нече саясатчы кирген топ өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктар, андан чыгуу жолдору жана электр энергиясы сыяктуу маселелерди туу тутуп келгени маалым. Бийликтеги партиялардын өкүлдөрү болсо оппозициялык кыймылдын талаптарында негиз жок деп белгилеп келишет.

Азыркы оппозициянын эл ичиндеги баркы-баасы кандай? Биз кыймылдын башчысы, депутат Равшан Жээнбековду кепке тартып, алгач андан: "Оппозициянын лидери катары өзүңүздүн эл ичиндеги кадырыңыз канчалык?" деп сурадык.

Равшан Жээнбеков: Мен акыркы он жылда оппозициялык маанайда түз иштеп келе жаткан саясатчылардын биримин деп өзүмдү айтсам болот. Ага чейин мамлекеттик бийликтин катарында болгон да адаммын. Эгерде акыркы он жылдагы тажрыйбаны ала турган болсок, оппозициянын баасы, анын орду кайсы бир сааты чыкканга чейин аз болот. Бул биздин тарыхыбыздын далили. Ал эми жеке өзүмдү айта турган болсом, “менин аябай эле чоң электоратым бар, оппозициянын лидери катары элдин баары эле колдоп турат” деп айтпайм. Бирок мен билем, билими бар, демократияны колдогон, реформаны колдогон адамдар мени саясатчы катары колдойт деп ишенем жана үмүтүм бар.

Би-Би-Си: Айтканыңызга караганда, өзүңүз да азыркы оппозицияга берилген баа төмөн экенине ишенесизби?

Равшан Жээнбеков: Мен ачык эле айтып келе жатам, чынын айтканда азыркы оппозициянын орду чоң эмес. Баалуу деп да айта албайм. Биринчиден, Кыргызстанда оппозиция болуу оңой иш эмес, бул аябагандай оор жүк. Бир топ кыйынчылык, материалдык жоготуу, нерв, убакыт... Бардык эле кыргыз саясатчылары буга өздөрүн арнай алышпайт. Буга кесипкөй саясатчы болом дегендер, келечекте жакшы бир нерсе жасайм дегендер өмүрүн арнашы мүмкүн.

Би-Би-Си: Кыргызстанда “Кетсин!” деген чакырык көпчүлүккө көнүмүш бир ураанга айланганы маалым. Буга чейинки дээрлик бардык оппозиция өкүлдөрү бул ураанды колдонгону белгилүү. Сиздин да оппозициялык кыймыл “Кетсин!” деген чакырык менен чыгып жатса, анда буга чейинки оппозициялардан кандай айырма жана өзгөчөлүгүңүздөр бар?

Равшан Жээнбеков: Мен так айтып коюшум керек, жалпы улуттук оппозициялык кыймыл азырынча “Атамбаев кетсин!” деген ураанды расмий түрдө бекитип, өзүбүздүн урааныбыз катары кабыл алган жокпуз. Бирок акыркы, бешинчү күнү болгон чогулушубузда, кээ бир саясатчылар, атап айтсак, Өмүрбек Суваналиев тарабынан ушундай сунуш болду. Бул талкуу гана жаратты. Ал эми официалдуу түрдө оппозициянын урааны болот деп айтууга азырынча эртерээк. Биз “Кетсин!” деген сөздөн азырынча алыспыз. Ал убакка жете элекпиз.

Буга чейинки эки революция өзүн актаган жок. Ошондуктан биз Кыргызстанды башкаруунун жаңы моделин, “Максаттуулук жана сабырдуулук” деген кризиске каршы жаңы программаларды иштеп чыгып, коомго алып чыгып, кыдыралы деп жатабыз.

Би-Би-Си: Сиздер парламенттик шайлоого барасыздарбы? Барсаңыздар “Улуттук оппозициялык кыймыл” кандай шартта, кандай форматта катышат?

Равшан Жээнбеков: Соңку чогулушубузда бул жана төрт-беш багыт боюнча талкуу жаралды. Оппозиция кандай партиянын платформасында биригиши керек? Жазындагы чогулуш, митингдерге оппозициянын мамилеси кандай болот? Азыр биз бул маселени ачык койдук. Биз өз ара талкуулайбыз.

Би-Би-Си: “Улуттук оппозициялык кыймыл” айтып жаткан сын-пикирлер жана көтөрүп жаткан маселелердин баары бул топтун келе жаткан шайлоого даярдануусу эмес деп ишендире аласызбы?

Равшан Жээнбеков: Биз аны жашырбайбыз. Ар бир оппозициялык маанайдагы саясатчылар бүгүн жана стратегияга иштешибиз керек. Мен ойлойм, бүгүнкү абал оппозициянын кадыр-баркын бир топ көтөрөт жана аны активдүү саясий талаага алып чыкканга мажбур кылат.

Ошону менен бирге бүгүнкү күндүн маселелерин көтөрүп, биз сөзсүз түрдө шайлоого даярданышыбыз керек. Ар бир саясатчы шайлоону жеңип келгендин эртеси шайлоого даярдыкты башташы керек. Биз керек болсо, оппозиция катары кечирээк баштап жатабыз.

Бийликтеги партиянын оппозицияга көз карашы

Сүрөттүн автордук укугу b
Image caption Чыныбай Турсунбеков

Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, Жогорку Кеңештин ичинде да парламенттик оппозиция да бар. Өкмөттү сындаган саясатчылардын тобу “Улуттук оппозиция кыймылын” түзүшкөн. Ошону менен бирге бул кыймылга кошулбаган да оппозиция өкүлдөрү бар.

Би-Би-Си коалициялык өкмөттүн курамындагы бийлик партиясы, социал демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековду кепке тартып, сиз Кыргызстандагы оппозициялык күчтөрдүн таасири канчалык деп эсептейсиз деп сурады:

Чыныбай Турсунбеков: Мен ойлойм, эл арасында эч кандай абройлору жок. Көп жылдан бери оппозицияда жүрүп, абройго жетчү адамдарды арасынан көргөн жокмун. Экинчиден, эл буларга ишенбейт, чыкпайт дагы. Өз топторунда абройлору болушу мүмкүн. Бирок эл чыкпайт. Эл деле тажап бүттү.