Оторбаев: чиновниктер медиадагы макалаларга көңүл бурсун!

Сүрөттүн автордук укугу b

Кыргызстандын өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев мамлекеттик кызматкерлерди жергиликтүү медиада жарыяланган сын-пикирлерге көңүл бурууга чакырды. Премьер-министр расмийлер жөнөкөй элдин медиа аркылуу жасаган кайрылууларына жана сын-пикирлерине кош көңүл мамиле кылып жатканын белгилеген. Кыргызстан көп жылдардан бери сөз эркиндиги боюнча мурдагы советтик өлкөлөрүнүн ичинен эң алдыңкы сапта келе жатат. Бирок ошону менен бирге бул өлкөдө барган сайын сөздүн куну кетип бара жатканын журналисттер да, өкмөт өкүлдөрү да моюнга алышууда.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев аппарат башчысын чакыртып алып, жөнөкөй элдин маалымат каражаттары аркылуу жасаган кайрылууларына расмийлер кош көңүл мамиле кылып жатканына нааразы болгонун көрсөткөн тасмалар жергиликтүү телеканалдардын баш жаңылыгына айланды. Муну менен ал кол алдындагылар жергиликтүү медиага жарыяланган сын-пикирлерге жетиштүү деңгээлде көңүл бурбай жатканын мойнуна алгансыйт:

“Кайсыл гезит-журналды ачпа, өз балдарын өлтүргөн мугалим, жөө жүргүнчү окуучуларды машина коюп кеткен, ымыркайды зордуктады деген сыяктуу адамдын төбө чачын тик тургузган макалалар жарыяланып жатат. Бул эмне деген көрүнүш? Бул фактылардын бардыгына тиешелүү бийлик структуралары тезинен реакция кылсын. Бирок тиешелүү органдар бул боюнча чара көрүлдү, териштирүү жүрүп жатат деген таризде жооп кайтарбашы керек. Алар ар бир окуяга өзү кийлигишип, маселени аягына чейин көзөмөлдөп, чечип бериши зарыл”.

Премьер-министрдин көрсөтмөсү бир чети жаңылыктай көрүнгөнү менен, бул эрежелер Кыргызстандын мыйзамдарында так кесе белгиленген. 1992-жылы кабыл алынган "Жалпыга маалымдоо каражаттарын жөнгө салуу жөнүндө" мыйзамда ар бир маалымат каражатынын өкүлү, ар бир журналист мамлекеттик органдарга кайрылып, алардан ар түрдүү маалыматты ала алат деп жазылган.

Image caption Журналисттердин айтымында, Кыргызстанда чиновниктерди ойготуунун дагы бир жолу бар. Ал - коомчулукка чуулгандуу окуяларды алып чыгуу

Андан тышкары, Жазык-процесстик кодексинде совет мезгилинен тарта келе жаткан “маалымат каржаттарына чыккан билдирүү кылмыш ишин козгоого негиз боло алат” деген берене бар. Бирок иш жүзүндө бул эрежелер кандай иштейт?

“Күч түзүмдөрү, өзгөчө прокуратура органдары көптөгөн макалаларды көз жаздымда калтырып, көңүл бурушпайт. Эмнеге ушундай десең, “көпчүлүк учурда журналисттер такталбаган маалыматты жарыялап, ушаң-айыңды жазышат. Ошондуктан анын баарына көңүл буруп отурууга болбойт” деп актанышат", - дейт өкмөттүк “Кыргыз Туусу” гезитинин редактор орун басары Мырзакат Тыналиев.

Бирок Тыналиев кошумчалагандай, Кыргызстандагы бийлик өкүлдөрүнө медианын таптакыр таасири жок деп айтууга да болбойт. Ал үчүн журналисттер бир маселени кайра-кайра козгой бериши керек:

“Каракол шаарында бир киши үйүн сатат. Бирок үч жылдын бери акчасын ала албай же аларды үйдөн чыгара албай келген. Айласы кеткенде, Жогорку Кеңешке, Жогорку Сотко кайрылган, тилекке каршы алардан чеке жылытаарлык жооп ала алышкан эмес. Анан бизге кайрылганда, мен бул тууралуу гезитке үч жолу жаздым. Акырында, Жогорку Сот 15-январда маселени үйдүн ээсинин пайдасына чечип берди”.

"Гезитти жана мени сотко берди, бирок ..."

Журналисттердин айтымында, Кыргызстанда чиновниктерди ойготуунун дагы бир жолу бар. Ал - коомчулукка чуулгандуу окуяларды алып чыгуу. “Жаңы Агым” гезитинин редактор орун басары Мелис Совет уулу сенсациядан же саясаттан тышкаркы жөнөкөй, чарбалык маселелердин дээрлик бардыгы эмнегедир бийлик структурасындагы адамдарга таасир этпейт деп эсептейт:

Сүрөттүн автордук укугу c
Image caption “Жаңы Агым” гезитинин редактор орун басары Мелис Совет уулу

“Мамлекеттик структуранын жетекчиси жөнүндө сөз болмоюнча эч кандай реакция келбейт. Буга чейин биз “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси жөнүндө чуулгандуу макала жазган элек. Алар дароо реакция кылып, гезитти жана мени сотко берди. Бирок бизди соттук процесстерге чакырбай, четтетти дагы, ушул мезгилге чейин аталган ишкананын кызматкерлери соттошуп жүрүшөт”.

Анткен менен күнөөнүн бардыгын эле чиновниктердин кенебестигине оодаруу жаңылыштык болуп калышы ыктымал. Анткени жергиликтүү медианын айрым өкүлдөрү тастыкталбаган маалыматтарды же ушак-айыңдарды таратат деп айтылып, коомдук сынга кабылып келет. Гезит-журналда чыккан курч макалаларга атка минерлердин кол шилтеп коймой адатынын күч алганы балким, сөздүн куну кеткенине байланыштуу да болуп жүрбөсүн?