Жол кыймылынын эрежелерин бузгандарга жаза күчөтүлдү

Image caption Соңку он жылда жол кырсыктарынан 13 миң киши каза болуп, миңдеген кишилер жаракат алган.

Кыргызстандын парламенти кабыл алганКылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө” мыйзамга президент кол койду. Анын ичинде жол коопсуздугу, айдоочулардын жоопкерчилигине байланышкан мыйзамдык өзгөртүүлөр бар.

Мас абалында унаа айдагандар, жол кырсыгына себепкер болгондор айдоочулук укугунан ажыратылат. Ошондой эле жол кыймылынын эрежелерин бузуп, жарандарга ыңгайсыздык жараткан айдоочулар үчүн мыйзамга “унаа колдонуудагы ээнбаштык” деген түшүнүк киргизилди.

Бул жерде унаа жолдорунда жарышуу, башкаларды көзгө илбей ачыктан ачык эрежелерди бузуу сыяктуу жагдайлар каралган. Үлпөт унааларынын саны чектелип, бештен ашпашы керек деген талаптар бар. Кыргызстанда үйлөнүү үлпөтүнө чыккан авто кербендердин тегерегинде маселелер соңку жылдардан бери кызуу талкууга түшүп келатат. Бир жагы авто жолдордо, шаарларда башкаларга чоң ыңгайсыздыктарды жаратса, экинчи жагы шаар сыртындагы чоң жолдордо да авариялык кырдаалды жараткан учурлары аз эмес дейт жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызмат.

Өлкөдө жол кырсыктары жана кырсыктар алып келген кесепеттер жыл санап өсүп бараткан чакта жол коопсуздугунун эрежелерин катаалдаштыруу аракеттери коомчулуктун колдоосуна ээ болууда. Соңку он жылда жол кырсыктарынан 13 миң киши каза болуп, миңдеген кишилер жаракат алган.