Президентке жихад жарыялаган жаран сегиз жылга абакка кесилди

Сүрөттүн автордук укугу d

Бишкектеги сот Ютуб сайты аркылуу президент Алмазбек Атамбаевге жихад жарыялаган атуулду сегиз жылга абак жазасына кести. Сот Бахтияр Даутовду улуттар аралык жана диний араздашууга чакырык таштаган жана конституциялык түзүмгө каршы чыккан деген айыптар менен күнөөлүү деп тапты.

Видео дагы деле Ютуб сайтында илинип турат. Анда жыйырма беш жаштардагы узун кара сакал жана мурут коюп алган, анан арабча чалып сүйлөгөн Бахтияр Даутов Кыргызстандын президентине жихад жарыялап жатканы айтылган. Улуттук коопсуздук кызматкерлери бул адамды “экстремисттик маанайдагы материалдарды жайылткан” деген шек менен 2012-жылы кармаганын билдиришкен.

Кечээ болсо Бишкек шаардык соту Даутовду улуттар аралык жана диний араздашууга чакырган жана конституциялык түзүмгө каршы чыккан деген айыптар менен күнөөлүү деп таап, аны сегиз жылга жатак абагына кескен чечим чыгарды. Бул тууралуу шаардык соттун кызматкери Марат Адылов төмөнкүлөрдү билдирди:

“Даутов Кылмыш-жаза кодексинин 297-беренеси (конституциялык түзүлүштү күч колдонуу менен өзгөртүүгө расмий чакырык), 299-беренеси (улуттук, рассалык, диний же регионалдык касташууга чакыруу) жана 59-беренеси (бир нече кылмыш жасаганы үчүн жаза белгилөө) боюнча айыптуу деп табылып, сегиз жыл жатак абакта жазасын өтөйт деген соттун чечими чыгарылды".

Өткөн жылы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту “Даутов беш жыл жатак абакта жазасын өтөсүн” деген чечим чыгарып, экстремисттик материалдарды таркатуу боюнча гана айыпталып, президентке жихад жарыялаганы боюнча акталган эле. Эми шаардык соттун мурдагы өкүмдү жокко чыгарып, кайрадан жазаны катаалдаштырганы соттолуучунун адвокаттарын таңыркатты.

“Бишкек шаардык соту конституциянын эрежелерин одоно бузду. Баш мыйзамда ар бир адам өзүнүн көз-карашын ачык айтууга укугу бар деп жазылган. Өлкө башчысынын айланасындагылар Даутовду президентке жихад жарыялады деп айыптап, сотко басым жасады. Сот сабатсыз диний эксперттердин айткандарына таянып, туура эмес чечим чыгарды. Эми Жогорку Сотко кайрылабыз”, - деди Даутовдун жактоочусу Акин Токталиев.

Сүрөттүн автордук укугу v
Image caption Улуттук коопсуздук кызматкерлери Даутовду “экстремисттик маанайдагы материалдарды жайылткан” деген шек менен 2012-жылы кармаганын билдиришкен

Кыргызстанда жихад жарыялаганы үчүн же экстремисттик чакырыктары үчүн абак жазасына кесилген учурлар өтө сейрек көрүнүш. Диний эксперт Кадыр Маликов бул окуянын артында бир чети жөн гана шоктук, экинчи жактан улуттук коопсуздук маселеси бар деп эсептейт:

“Кыргызстанда жихадга үгүттөө чакырыктары коом үчүн коркунучтуу. Бул жагынан алганда, соттун “мындан ары жихадга чакырык ташталбасын” дегендей чечим чыгарганы туура эле көрүнүш. Бирок президентке жихад жарыялаган жигит шоктук кылып, билбестиктен айтып алган болушу мүмкүн. Эгер күнөөсүн мойнуна алса, соттор анын келечегин ойлоп, амнистия берип же айып пул төлөтүп, милициянын көзөмөлү астында эркиндикке чыгарып жиберишсе болмок".

Байкоочулардын баамында, Кыргызстанда айрыкча социалдык тармактар аркылуу саясатчыларды, коомдук ишмерлерди келекелеген, айрым учурда опузалаган интернет колдонуучулардын катары көбөйүп баратат. Балким бул сот иши диний радикализмден тышкары, кайсы бир деңгээлде интернеттеги “ээн ооздуулукту” ооздуктоо ишараты болсо керек.