Зордуктагандардын баары окшош эмес

Сүрөттүн автордук укугу REUTERS

Кыргыз милициясы зордуктоо фактылары көбөйүп жатканын тастыктоодо. Жыныстык зордукка кабылган аялдар ачык айтып, өз укуктарын коргоп чыккан учурлары өтө сейрек.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сеитов зордуктоо шаарларда көп дейт:

“Жыл башынан 18-февралга чейин 114 зордуктоо катталган. Өткөн жылы ушул мезгилде 104 факт болгон. Кылмыштын бул түрүнүн дээрлик 99 пайызы ачылат. Анткени көпчүлүк учурда эки тарап тааныш болуп чыгат”.

Зордуктоого баргандардын портрети

Психологдор, психиатр же башка адистер зордуктоого өзү зомбулукка кабылган, кайсы бир учурда запкы жеген же балалыгы оор өткөндөр барат деп жалпылашат. Алардын божомолунда, жашоодо ордун таба албагандар башкаларга күч колдонуп, өзүнүн үстөмдүгүн далилдегиси келет. Айрым адистер бул жыныстык муктаждыгын канааттандыруу эмес, оору экенин белгилешет. Ал эми психиатр Айсалкын Төлөнбаева зордуктоого баргандардын портретин тартуу кыйын экенин айтууда:

“Психикалык дарт менен ооругандыктан бардыгы наркоман болчу, аракеч болгондуктан зордуктады деп себебин аныктаган учур жокко эсе. Жөнөкөй адамдар деле барып жатат бул ишке. Бизге жат мындай көрүнүштөр коом үчүн өтө оор оору болуп жатат. Анын себебин бир беткей айтуу мүмкүн эмес”.

Айсалкын Төлөнбаева зордуктагандарды айырмалап биле албайсың дейт:

“Алардын мандайына “зордукчу” деп жазып койгон эмес. Эгер психикалык оорулуу экенин билсең, этияттан алыс болосуң. Ал эми көчөдөгү кишини кантип айырмалайбыз? Бирок зордуктоону өнөкөт кылып алгандардын себебин айтса болот, алар албетте рухий жактан жабыркаган”.

Сүрөттүн автордук укугу Thinkstock
Image caption Психиатрлар зордуктоого баргандардын портретин тартуу кыйын экенин айтат

Психиатр зордуктоого баргандар адамдар менен мыкты тил табышып, мүдөөсүнө жеткенге чейин жакшы сөзү менен ар бир адамды өзүнө тартып алышы мүмкүн экенин кошумчалады. Тергөө абагындагыларды кошпогондо Кыргызстанда 350дөй адам зордуктоо беренеси менен жабык абактарда отурат. Жазасын өтөп отургандар демейде 20-50 жаш арасындагылар.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Элеонора Шаршеналиеванын айтымында, акыркы учурларда зордук-зомбулук боюнча токтолуп калды деп эсептелген 30-35 жаш курагындагылар айыпталып келүүдө. Шаршеналиева аларды мүнөздөбөй, бардык айыпталгандарга тең карайбыз дейт:

“Биз үчүн тергөөдөгүлөр жана соттун чечими чыгып, айып тагылгандар болуп гана экиге бөлүнөт. Айыпталгандар кылмышка бир нече жолу баргандар жана биринчи жолу кылмыш жасагандар деп башка-башка абактарга жайгаштырылат. Бирок биз алардын ички дүйнөсүнө киришкенге акыбыз жок. Алар эркиндиктен гана ажыратылды, ал эми мүнөздөмө берүү, бөлүү биздин мыйзамда жок”.

Сүрөттүн автордук укугу f
Image caption Психиатр Айсалкын Төлөнбаева

Жазылбаган мыйзамдар боюнча зордуктоо менен отургандар түрмөдө да эң ылдыйкы катмарда экени белгилүү. Алар кылмышкерлердин арасында да жек көрүндү. Бирок алардын дээрлик баары, кылмыштын эң оор түрүн жасады деп табылганда да күнөөсүн мойнуна албайт. Көпчүлүгү системанын же милициянын айынан отуруп калганын айтышат.

Зордуктоого шектүү да өзүн коргоого укуктуу

Ал эми зордуктоого шектүүлөрдү сотто жактаган адвокаттар эмне дейт? Жактоочу Мунарбек Супатаев маселени эки түргө бөлөт:

“Тажрыйбамда болгон бир иште мектепти жаңы бүткөн балдар, кыздар чогуу отурганда бир бала бир кызды зордуктап коёт. Караңгыда, шарактап жүрүшкөн. Курмандык ага шарт түзүп берген. Ошондуктан курмандыктарды да изилдеген атайын виктология илими бар. Бала жаштыгынан, жеңил ойлуулуктан улам кылды. Бирок зордуктаганы факт”.

Сүрөттүн автордук укугу l

Адвокат кылмыштын ушул эле түрү боюнча, бирок башкача шартта жактаганга туура келет дейт. Супатаевдин айтымында, зордуктоо боюнча иштер анын жумушундагы эң оор учурлар.

“Жогорудагы окуядан айырмаланып, коомго кооптуу кишилер болот. Бардык фактылар, экспертиза анын зордуктаганын көрсөтүп турат. Бирок тергөөчү же ыкчам кызматтын өкүлдөрү кооздоп, “бул абдан коркунучтуу кылмышкер” дегенине карабай мен кесиптик мамилемди кылышым керек. Бардык фактылардын турганына карабай адвокат катары жактоомдогу адамга ишенүүгө милдеттүүмүн. Кылмыштын кандай түрү болбосун баарына адвокат берилет. Мындай учурда иштөө чынында оор”, - деди Мунарбек Супатаев.

Зордуктоонун курмандыктары укугун коргоого ашыкпайт

Милиция билдирип жаткандай, өлкө боюнча күнүнө кээде эки-үч, айрым күндөрү онго жакын зордуктоо катталат. Бирок милицияга жетпей калгандардын саны белгисиз. Абийири жол бербегендиктен көп айымдар, кыздар милицияга кайрылбайт. Көп фактылардын арасында төмөнкү кыздын окуясы да бар. Ал жакындарына да эч нерсе айткан эмес:

“Бир туугандарым, ата-энем бар. Аларга айтсам ар кандай түшүнбөстүктөр чыгып кетиши мүмкүн. Агам ал баланы жазалайм дейм өзү камалып кетпесин деп корком. Ошондуктан айткан жокмун. Милицияга кайрылганда, алар журналисттерге айтпай эле койсом жакшы болоорун эскертишти. Мен да аны туура көрдүм, элге жайгым келген жок”.

Зордуктоо фактылары менен иштеп келген милиция кызматкерлери болобу, психиатрлар же адвокаттарбы баары бул кылмыштын алдын алуу керек дешет. Алардын эсептөөсүндө, жазалоо кылмышты азайтып же коомду оңдоп жибербейт.

Адистер адамдардын жүрүм-туруму үй-бүлөдөн, мектептеги же жогорку окуу жайлардагы тарбиядан, коомдон көз каранды болгондуктан, жапа тырмак жаштайынан тарбия берүүгө киришиш керек экенин айтышууда.