Кыргызстан: экстремизмди ээрчиген караңгылык

Сүрөттүн автордук укугу Reuters

АКШнын маалыматы боюнча Сирияда «Ислам мамлекети» аталган күчтөрдүн катарында жана башка экстремисттик топтордун ичинде жүз өлкөдөн 20 миң согушкер жүрөт. Алардын ичинде Борбордук Азиянын, Кыргызстандын да жарандары бар.

Кыргызстандын расмий органдарынын эле маалыматы боюнча азыр Сирия менен Иракта жүргөн кыргызстандык жарандардын саны 200 чейин барат. Ал эми Өзбекстандан баргандар андан да көп – миңден ашат, Казакстандан баргандар 600 гө, Тажикстандыктар 500 гө чейин деп айтылууда. Бул сандар көбөйтүлүп же азайтылып айтылып жаткан болушу мүмкүн. Бирок бул маалыматтар диний экстремизм дүйнөдө ушунчалык жугуштуу болуп жатканын көрсөтөт.

"Керек болсо Кыргызстанда же Казакстанда туруп эле Интернет аркылуу «Ислам мамлекетине» ант бергендер да бар. Ошондуктан бул жерде "Ислам мамлекети" тобунун идеологиялык таасири алдында тургандарды эске алыш керек. Алардын механизми тармактык маркетинг сыяктуу туш-тушка жайылууда", дейт дин иштери боюнча эксперт Кадыр Маликов.

Жаштардын Сирия менен Иракка азгырылып барып жатканынын башкы себеби –алардын башын айландырып жаткан идеологиялык вирус. Исламды тайкы түшүнүү, анын тарыхын жана маданият билбегендик. Эксперттер динге жамынган күчтөр Курандын же суннанын аяттарын жулуп алып, аны өздөрүнүн үгүт пропагандалык ишинде эпчилдик менен пайдаланышат деп белгилешүүдө. Диний сабаты жок караңгы адамдар мындай экстремисттик үгүт иштеринин кайырмагына биринчи кезекте илинет.

"Коогалаңга, экстремизмге жол бербеш үчүн эмне кылыш керек дегенде биз биринчи кезекте адамдардын диний маалыматы, аң-сезими жана маданиятын жогорулашы керек. Бул үчүн диний билим берүүнү системалык жана заманбап жолго салышыбыз зарыл",-дейт “Сереп” талдоо борборунун эксперти Искендер Ормон уулу.

Талдоочулар диний радикализм жана экстремизмге каршы күрөштө билим-илим агартуучулук иштерин күчөтүү менен катар социалдык жана саясий акыйкаттыктын болушун маанилүү шарт катары карашууда. Анткени, жумушсуз калган же бийлик органдарынын коррупциялык, адилетсиз башкаруусуна нааразы болгон адамдар экстремисттер көбөйүшү үчүн өнүмдүү кыртыш болуп берүүдө. Ошондуктан бул иш мамлекеттик укук коргоо органдарынын эле милдети эмес, радикалдарга каршы идеялык күрөштө ар кандай чаралардын комплекси керек дешет:

"Бүгүнкү күндө кээ бир органдар укук коргоо органдарына эле бул ишти таштап, көп кызыкпай жатат. Экинчи жакта диний уюмдар, динаятчы лидерлер дагы мамлекеттик органдарга активдүү көмөктөшүүсү керек", - дейт ИИМдин диний экстремизмге каршы күрөшүү башкармасынын өкүлү Эмил Жээнбеков.

Жаңы жылдын алдында Кыргызстанда бардык дин кызматкерлерин аттестациядан өткөрүү башталды. Бир эле учурда дин ишмерлери үчүн мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен ар кандай тренингдер өткөрүлүп жатат.

Бул диний радикализм жана экстремизмдин алдын алуу үчүн зарыл болгон чаралардын чекеси гана, бул күрөш ээфективдүү болуш үчүн мамлекет менен коомдун бардык күчтөрүнүн системалуу жана бирдиктүү иш-аракети керек.