Анапияевдин киши колдуу болгону тастыкталууда

Сүрөттүн автордук укугу interpol
Image caption Алмамбет Анапияевке милиция бир катар оор беренелер боюнча айыптарды тагып, эл аралык издөө жарыялаган.

Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн анабашы делген Алмамбет Анапияевдин Минскте киши колдуу каза тапканы тууралуу кабарлар тарады. ИИМдин басма сөз кызматы Би-би-сиге билдиргендей, учурда бул маалыматтар териштирилүүдө, азырынча расмий тастыктала элек.

Айрым маалымат булактары Алмамбет Анапияевдин сүрөтү чапталган Шакиров Алмазбек Мийзамовичтин атына берилген Орусиянын паспортунун жана канжалаган адамдын денесинин сүрөттөрүн жарыялашты. Беларусиялык маалымат булактары бул окуяны кененирек сүрөттөп жазышууда. Анын сөөгү Mercedes унаасынан табылганы айтылып жатат. Айрым булактарда ал уктап жаткан жеринен мууздап өлтүрүлгөнү айтылды.

Анапияев Кыргызстандагы криминалдык чөйрөнүн таасирдүү өкүлү катары айтылып келаткан. Аны “мыйзамдагы ууру” деп айтылган Камчы Көлбаевдин оң колу катары көрсөтүп келатышат. Милиция ага бир катар оор беренелер боюнча айыптарды тагып, эл аралык издөө жарыялаган. Ага уюшкан кылмыштуу топ түзгөн, мыйзамсыз курал алып жүргөн, каракчылык кылган деген оор беренелер боюнча айыптар тагылган эле.

42 жаштагы Алмамбет Анапияев Оштун Чоң-Алай районунда туулган. Анапияев маркум депутат, “Алыш” федерациясынын негиздөөчүсү Баяман Эркинбаевдин жан сакчысы, жакын жардамчысы болуп жүрүп, өз чөйрөсүндө аты таанылган. Баяман Эркинбаев киши колдуу каза тапкандан кийин ал түптөп кеткен федерацияны жетектеген.

Анапияевдин 2011-жылы чет өлкөдөн чыгып кеткени белгилүү болгон. Дубайда жүргөнү такай айтылып жүрчү. Бир ирет Анапияевдин Арабияда кармалганы туралуу маалыматтар тарап тастыкталбай калган.