Кыргыз милициясынын формасы талкууда

Ички иштер министрлиги кызматкерлерине жакында Орусиянын формасын алып келээрин билдирди. Кыргыз милициясы толугу менен бутунан башына тарта, бардык мезгилдеги кийимдерди алышат. Ал арада айрым жарандар милицияга башка мамлекеттин формасын кийгизүүнү туура көрбөй жатышат. Жарандык активисттер бул мамлекеттин аброюна шек келтирет деп эсептешет.

Ички иштер министри Мелис Турганбаев кыргыз милициясына Орусиянын формасы келээрин парламентте билдиргенде айрым депутаттар буга сын айтышкан. Тартип коргоо жана коргонуу маселеси каралып жатканда күч тармагы боюнча вице-премьер министр Абдрахман Маматалиев депутаттарга сырттан техника алып жаткан соң, кийим алуу уят эмес деди:

“Орусия менен Ички иштер, Коргоо жана бардык эле министрликтер аркылуу кызматташтыгыбыз бар. Эл аралык кызматташуунун алкагында абдан көп жардам алып жатабыз. Абдан сапаттуу кийимдер келгени турат. Бир жарым миллиард долларлык курал-жарак, техника алганы жатабыз. Бул жерде уяла турган эч нерсе жок”.

Муну айрым жарандык активисттер да каалашпайт. Бажы биримдигине каршы кыймыл “форманы өзүбүздө тиктирбей, демөөрчүдөн алганы жаткан Маматалиев менен Турганбавдин ишин иликтеп чыгуу” сунушун айтууда. Анын мүчөсү Манас Саматов себебин билдирди:

“Милиция - ар бир мамлекеттин жүзү. Биринчиден, аларга бөтөн мамлекеттин формасын алып келип кийгизүү улуттук, мамлекеттик абийирибизге доо кетирет. Экинчиден, ошондой кийимди тиктиргенге биздин текстиль өнөр-жайы жакшы өнүккөн”.

Орусиядан кийим келсе тартип коргоо тармагынын 10 миңдей кызматкери формасын толугу менен жаңылайт. Орус милициясы полиция болуп түзүлгөндө формасын кара түскө алмаштырган. Алардын жаңы, көгүлтүр боз формалары калып калган. Орус милициясынын формасы 46 түрдүү кийимден турчу. “Кыргызстандыкы анын жарымына да жетпейт”,-дейт Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитов:

“Бут кийиминен баш кийимине чейин, көйнөгү, галстугу, кители, курткасы, күзгү курткасы, шинели, жазгы плащы баары толугу менен келет. Ал эми бизде форма мындай толук түрдө жокко эсе”.

Пост-советтик коңшу өлкөлөрдүн милициясыныкы сыяктуу кыргыз тартип коргоочуларынын формасы да Советтик союзунан бери өзгөргөн жок. Орусиянын мурдагы формаларынан да айырмаланбайт. Бакыт Сейитов кыргыз милициясы кийимсиз калбаганын, мамлекеттин берген каражатына ченелүү камсыз болуп келатышканын айтууда. Бирок аны бул жолу акысыз алып, каражатты үнөмдөөгө мүмкүн болуп жатат.

“Кийимге кетчү акчаны үнөмдөп, аны башка максатта иштетсе болот. Ошол каражатты материалдык-техникалык базага, аймактардагы милициянын имараттарын курууга, оңдоп-түзөөгө жумшоо шарты бар. Он миң кишини кийинтүүгө бир топ эле акча кетет”.

Кыргыз милициясынын формасы сапатсыз

Бишкекте жана Кызыл-Кыяда милиция кызматкерлеринин кийимин тикчү атайын цехтер бар. Бирок алар каражат маселесинен улам күч тармагы талап кылгандай сапатта чыкпайт. Жука форма бир жылга, курткалар төрт жылга деп берилсе, алар мөөнөтүнө жетпей эскирип, сынын жоготуп коёт.

Бул тармакта иштеп жүргөн эксперт Токтогул Какчекеев кыргыз милициясынын бир жолку кийими табылып жатканы да аларга чоң жардам дейт:

“Кыргыз милициясы керектүү каражаттын жарымын гана алып, башына тартса бутуна, бутуна тартса башына жетпейт. Орустардан кийим алууда эч кандай тартыш маселе жок, биринчиден. Экинчиден, биздеги кийимдер атайын күч тармагына багытталган сапаттуу кездемелерден тигилбейт”.

Келчү форма жок дегенде 3-4 жыл кийилет. Бакыт Сейитов ал бир жолку жаңылоодон ашып, кампада сактала турганын кошумчалады.

Күч тармагындагылардын формасы отко, майга, ысык-суукка ылайык болот. Кыргызстанда аны текшерүү шарты да жок. Какчекеев Орусияныкы салыштырмалуу ири фабрикаларда тигилгендиктен сапаттуу экенин билдирүүдө.

“Милициянын күнүгө, машыгууга жана көрсөтүүгө чыкканда кийе турган өз-өзүнчө формасы, жазгы, кышкы бут кийими болуш керек. Анын баарын ким берет? Катуу суукка чыдамдуу тон же болбосо бушлаты болуш керек, азыр бизде аны синтепондон тигип, жылуу болбой жатат. Баш кийимдери Аламүдүндө койдун жүнүнөн тигилчү. Азыр андай жок”, - деди Какчекеев.

Ал Кыргызстандын аскерлери да буга чейин АКШдан, Кытайдан, Түркиядан форма алганын эске салды. Мамлекет дегеле күч тармагын өзү өндүргөн кийим менен камсыз кылганына саналуу гана жыл болду.

Ал эми жашоочулар кыргыз милициясынын формасы туура кандай ойдо?

-Эгемендүү болгон соң албетте өзгөчөлөнүп туруш керек. Анан кызыл өңдү алып салып, токтоо түстү колдонушса.

-Мага милиция кызматкерлеринин тегерек баш кийим жакпайт, эски боюнча калып кеткен.

-Өздөрүнө жарашып турбайбы, мага ушундай эле калса жакшы.

-Калса деле болот, бирок өзгөчө кылып алмаштырып койгону да жакшы. Балким дизайнын тыкан кылып жаңылаш керек. Мен чет өлкөдөн жакында келдим, ал жактын тартип коргоочуларына салыштырып болбойт. Айрыкча кайгуул жана жол кайгуул кызматкерлеринин сырткы келбетин оңдоп коюшса.

-Мага айырмасы жок, мага десе ар кандай түскө боёп салышсын. Кийими эмес, адам, алардын кылган иши маанилүү.