Саляновага “Манас” ордени тапшырылды

Сүрөттүн автордук укугу President.kg

Кыргызстандын мурдагы башкы прокурору Аида Саляновага мындан бир айдан ашуун мурда ыйгарылган экинчи даражадагы “Манас” ордени тапшырылды.

Сүрөттүн автордук укугу President.kg

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, орденди мамлекет башчынын аппарат башчысы Данияр Нарымбаев тапшырган.

Аида Салянова жаңы жыл алдында күтүүсүз эмгек өргүүсүнө чыгып, андан көп өтпөй кызматтан кеткени белгилүү болгон эле.

2011-жылы баш прокурор болуп дайындалган Аида Салянова чоң кызматтагы адамдардан тайманбай кылмыш иштерин козгогондугу менен коомчулуктун оозуна алынган.

Сүрөттүн автордук укугу President.kg

Ал президент Атамбаевден саясий колдоо болбой калган үчүн кызматынан кеткенин жана ага азыр коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатканын жакында болгон маалымат жыйында билдирген.

Кечээ болсо, Салянова «Күчтүү Кыргызстан» партиясын жетектеп, күздө боло турган парламенттик шайлоого аттаары маалым болду.