Бажы биримдиги: Кыргызстан кайсы этапта?

Image caption Бажы биримдигине кирүүгө кол койгон Кыргызстандын Казакстан менен чек арасы майда ачылышы керек

Бажы биримдигине кирүүгө кол койгон Кыргызстандын Казакстан менен чек арасы майда ачылышы керек. Даярдык иштери боюнча кезектеги сүйлөшүү 24-февралда Москвада өткөнү жатат.

Ал арада айыл-чарбабыз менен утабыз деген Кыргызстанда ветеринардык, фитосанитардык лабораториялар курула элек. Экономика министрлиги даярдык график боюнча жүрүп жатат дейт. Ал эми айрым көз карандысыз экономисттер бул долбоордун ишке ашышынан шек саноодо.

Биримдиктин 24-февралда Москвада өтчү кезектеги жолугушуусунда Кыргызстандын кошулуусу боюнча эки документ каралат. Экономика министринин орун басары Данил Ибраевдин айтымында, бул документтер майга чейин жасалыш керек болгон Кыргызстандын негизги иштери тууралуу:

“Кайсы товарлар Кыргызстанга мурунку баа менен кирет, кайсылары өзгөрөт, ветеринардык, фитосанитардык принциптер кандай болот, кыргыз-казак чек арасындагы казак бажы кызматы алыныш үчүн эмне жасалыш керек деген иштер жасалууда. Алар ошол эки документте каралып жатат. Бул буюрса бир-эки айда бүтөт”.

Эки ветеринардык жана эки фитосанитардык лаборатория курулат. Азыркы лабораториялардын баары аккредитациядан өтөт жана жаңыдан жабдылат. Ибраевдин айтымында, алардын бүтүшүнө аз убакыт калды.

Бирок жумуштун баары Орусия убада кылган 200 миллион долларга байланган. Кыргыз өкмөтү алардын бюджетине киргизилгенин айтып, келиш керек деп күтүүдө. Ал эми Казакстандан 100 миллион доллар алуу тууралуу ушул же келерки айда келишимге кол коюлат экен.

Данил Ибраев май айында кыргыз-казак чек араларындагы бажы көзөмөлдөрү алып салыныш үчүн биримдиктин сырткы чек арасы болчу кыргыз-кытай, кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларынын инфраструктурасы бекемделиш керек. Бирок кыргыз-казак чек арасы так айтылган күнү ачылабы?

Сүрөттүн автордук укугу president.kg
Image caption Декабрда келишимге кол коюлгандан бери Кыргызстанда, Орусияда улам жолугушуулар өтүүдө

“Казакстан менен чек араны толугу менен ачканга, башкача айтканда, бажы көзөмөлдөрүн алганга аракет кылып жатабыз. Бирок Казакстан уюмга кирип, бардык документтери кабыл алынгандан соң бир жарым жылдан кийин алардын чек арасы ачылганын эске алыш керек. Биз ошого карабай, кол коюлган келишимге баардык иштин бүтүшүн күтпөстөн чек ара ачылсын деген пунктту киргиздик”, - деди экономика министринин орун басары Данил Ибраев.

Декабрда келишимге кол коюлгандан бери Кыргызстанда, Орусияда улам жолугушуулар өтүүдө. 18-февралда Бишкекте өткөн жыйында өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Казакстан, Орусия, Беларусия жана Армениядан 18 инспектор жергиликтүү адистер менен беш багытта санитардык, ветеринардык тармактарды текшерип жатканын билдирди.

Деген менен массалык маалымат каражаттары, анын ичинде биримдикке мүчө өлкөлөрдүн журналисттери Кыргызстандын даярдык иши кагазда гана бүтүп жатканын жазышууда. Уюмга кирүүдөн Кыргызстан утат деген тармак мал чарбачылыгы менен дыйканчылыкты өнүктүрүүдө жаңы эч нерсе жасалбаганы парламент депутаттары арасында да кеп болду. Экономист Эмил Үмөталиев бул интеграциялык долбоордун ишке ашуусунан күмөн санайт.

“Айтылып жаткан иштердин баары жасалышына көзүм жетпейт. Орусия, Беларусия жана Казакстандын ортосунда ынтымак кетип жатат. Жада калса алар айрым экономикалык, соода-сатык тирешүүлөрүнө жол беришти. Жакында Орусия менен Беларустун ортосундагы бажы көзөмөлү кайрадан орнотула баштаганына күбө болдук. Андыктан бул долбоордун ишке ашышы күмөн жана жакында кыргыз-казак чек арасы толук ачылат деп ойлобойм”, - деген пикирин билдирди Үмөталиев.

Image caption Экономист Эмил Үмөталиев бул интеграциялык долбоордун ишке ашуусунан күмөн санайт

Адистердин айтымында, Евразия экономикалык биримдигине кирүү - көп жылга созулчу процесс. Андыктан Кыргызстан өзгөрүүлөрдү дароо сезбеши мүмкүн. Бул күтүлүп жаткан терс таасирлерди эске алганда жакшы.

Экономист Айылчы Сарыбаев уюмдан пайда алуу тарабын айтканда деле, экономиканын бир күндө өзгөрөөрүн күтпөш керек дейт:

“Бизде 25 жылдан бери талкалануудан башка эч нерсе болгон жок. Ушунча жыл бою социалдык-экономикалык кризистен чыга албай келип, эми бир учурда андан чыгып кетебиз деген иллюзиядан кутулуш керек. Ошондой эле баарын бир учурда талкалап алат экенбиз деген да туура эмес. Бажы биримдигинде болобузбу же Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунда болобузбу өлкө экономикасы өзүбүздө жасалчу уюштуруу, башкаруу иштерине көз каранды. Ошол эле учурда элдин эмгекке болгон көз карашы, эмгектенүү деңгээлине жараша болот”.

Кытайдан, Европадан жана Түркиядан келчү товарлар кымбаттайт. Ишкерлер айрым экономисттер Кыргызстан эң негизгиси ушул маселени оң жагына чечип калыш керектигин айтып келишет. Экономика министрлигинин айтымында, Кыргызстан ал жактан келчү товарлардын 70 пайызын реэкспорт кылаарын, демек аларга да казак-кыргыз чек арасынын ачылышы пайдалуу болоорун айтууда.

Өкмөт алып саткандан көрө өз товарларыбызды экспорттоо, жумуш орундарын түзүү маанилүү экенин, башка өлкөлөрдүн товарлары көп болсо 20 пайызга кымбат болоорун белгилешүүдө.