Президент Атамбаев Лукашенкого кайрылды

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Сүрөттүн автордук укугу President.kg
Image caption Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Беларусь президенти Александр Лукашенкого кайрылып, Минск калаасында Анапияевдин өлүмүнө байлыныштуу жагдайларга көңүл бурууга чакырды.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүү: “Беларусь бийликтери Бакиевдердин канкор экенин түшүнүшү үчүн дагы кимди өлтүрүшү керек?”, - деген суроо менен башталат.

“Бакиевдердин катышуусу менен болгон Минскидеги соңку кылмыштуу окуя Белоруссия бийликтерин да тынчсыздандырган көрүнүш деп ишенем”, - деп айтылат Атамбаевдин кайрылуусунда.

Буга удаа Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бакиевдердин айрым үй-бүлө мүчөлөрүн жана шектүүлөрдү Кыргызстанга экстрадициялоо талабы менен Минскиге кат жолдоду.

Кечээ кечинде кооомдук телеканал КТРК аркылуу өзүн Алмамбет Анапияевдин жан сакчысы болчумун деген кишинин Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрүнө берген көрсөтмөлөрү эфирге чыгарылган.

Анда өзүн Гүлжигит Абилазизов деп тааныштырган киши Анапияевдин өлүмү алдында ал жашаган үйгө Жаныбек Бакиев жана анын жан-жөкөрлөрүнө окшош кишилер келгенин айткан.

Бирок, Кыргызстандагы коомчулук бул көрсөтмөлөр канчалык деңгээлде чын деген суроолорду беришүүдө. Адатта, Ички иштер органдарында оор кылмыштар боюнча жагдайларды тергөө толук жыйынтыкталмайынча ачыкталбайт.