Баткен: Уурдалган эки кыргызстандыкты кайтаруу талабы

Баткен районунда тажик жарандарынын барымтасында калган эки кыргызстандыкты бошотуу талабы менен жергиликтүү тургундар облустук акимчиликтин алдына митингге чыгышты. Алтымыштай адам жыйналып, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен сүйлөштү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул маселени тажик тарап менен чогуу иликтеп, чечүүнү убада кылды.

Баткен акимчилигинин алдына бүгүн митингге чыккандар барымтага алынган кыргыз жарандарын кайтарып келүүнү талап кылышты.

"Кечээ кечинде Кара-Бактын эки тургунун - Темиркан Маматкуловду жана Бекжан Бегишовду Тажикстанга алып кирип кетишкен. Биздин талап ошол экөөнү таап, Кыргызстанга кайтаруу. Бийлик эмне кылып болсо да аларды таап бериши керек. Алар күнөөсү жок жөнөкөй дыйкандар. Алар менин тууганым болот", - деди митингдин уюштуруучуларынын бири Баатыр Шүкүров.

Митингге чыккан алтымыштай киши менен областтык коопсуздук комитетинин кызматкерлери жана райондук акимдин орунбасары жолугушту. Алар барымтага алынгандарды бошотуу жөнүндө тажик бийликтери менен сүйлөшө турганын айтып, жыйылган топту таратышты. Баткен райондук акимдин биринчи орунбасары Таалай Ибраимов окуя тууралуу Би-Би-Сиге буларды билдирди:

"Азыр күч органдары териштирүү иштерин жүргүзүп жатат. Элдер бул эмоцияга алдырбай, бираз күтө турса, тергөөнүн жыйынтыктары чыгат. Мен элдерге жолукканда ушул сөздөрдү айттым. Кара-Бак айылында майда чыр-чатактар чыкканы менен, чек арадан өтүп, жарандарды алып кетүү фактысы катталган эмес болчу".

Ал ортодо Мамлекеттик чек ара кызматы бейшембиде кечинде Тажикстандын жети жараны Кыргызстандын аймагында кармалганын билдирди. Андагы маалымат боюнча, Тажикстандын тогуз жараны Кыргызстанга мыйзамсыз түрдө унаалары менен кирип келишкен. Алардын арасында Тажикстандын президентинин алдындагы баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттигинин офицерлери да болгон дейт Чек ара кызматынын басма сөз кызматынын жетекчиси Гүлмира Бөрүбаева:

«Кече кечки саат жетилерде Кара-Бакка үч жеңил машине менен тогуз тажикстандык адам мыйзамсыз өтүп келген. Алар Кыргызстанга 180 кг сымапты сатып алуу үчүн өтүшкөн. Ошол учурда чек арачылар келип калып, тажикстандыктар кыргызстандык эки жаранды унаасына салып качышкан. Бирок алардын жетөөсүн кыргыз чек арачылары кармап калышты. Алар УКМКга өткөрүлүп берилди».

Барымтага алынгандар азыр кайда экени тууралуу маалымат азырынча жок. Алардын жакындары бул эки жаран жөнөкөй дыйкан экенин айтышат. Учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Эки өлкөнүн Чек ара кызматынын өкүлдөрү 2-майда окуя боюнча түшүндүрмө бергени жатышат.

Кара-Бак 2012-жылы чек арадагы айыл катары өзгөчө макам алган. Бул кыштак кыргыз-тажик чек арасындагы такталбаган талаштуу аймакта орун алган.