Ошто калпакчан он эки чет элдик жаран кармалды

Ош шаарында өзбектер жашаган көчөлөрдү кыдырып, үйлөрдүн эшигин каккылап жүргөн он эки чет элдик кармалды.

Кармалгандардын арасында АКШнын, Бразилиянын, Швециянын, Украинанын жана Түштүк Кореянын жарандары бар.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы чет элдик жарандар коомдук тартипти бузду деген шек менен шаардагы Фергана көчөсүндөгү үйдөн кармалганын билдирүүдө.

Аталган көчөнүн жашоочулары калпак кийген чет элдиктер эшиктерди кагып жүргөнүн, андан кооптонуп жатышканын билдирип милиция чакырышкан.

Милициянын маалыматына караганда, кармалгандар Бишкектеги «Маданий каада-салт» коомдук фондунун мүчөлөрү болуп саналат.

Укук коргоо органдары азыр алардын эмне максат менен Ош шаарында жүргөнүн териштирип, суракка алууда.

Алгачкы маалыматтарга караганда, алар миссионердик иш жүргүзүү максатында Кыргызстанга апрелдин аягында келишкен.