Табылды Эгембердиев кыргыз наркын көтөрдү

Кыргызстан бүгүн атактуу уулдарынын бири, белгилүү ишкер, «Шоро» компаниясынын негиздөөчүсү Табылды Эгембердиевди акыркы сапарга узатты. Маркумдун сөөгү анын өзүнүн Супара этнографиялык комплексине жакын жердеги Беш-Күнгөй айылындагы дөбөгө коюлду.

Көк-Жар айылындагы «Супара» этнографиялык комплексинин ичи Табылды Эгембердиевди акыркы сапарга узатуу үчүн келген элге жык-жыйма толду. Үч күндөн бери кыргыз коомчулугу улуттун наркы менен намысын көтөргөн ишкер уулун жоктоп, ал аз жашаган өмүрүндө көрүнүктүү көп иш жасап кетти деп эскеришүүдө.

Табылды Эгембердиев эң оболу «Шоро» компаниясын түзүп, максым, чалап, бозо сыяктуу улуттук суусундуктарды рынокко алып чыгып жайылтып, бүт элге таанылды. Андан кийин «Супара», «Супара Чуңкурчак» этнографиялык комплекстерин ачып, тоо туризмин өнүктүрүүгө чоң салым кошту.

Аны кыргыздын материалдык маданиятын өркүндөтүп, рынок шартында жаңы дем берип, жаңы жүзүн ачкан өрнөктүү ишкердигин азалуу митингде Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев абдан таамай айтты.

"Кыргыздын жыгач челектеги жылаңач суусундуктары тойбос менен бозону, чалап менен кымызды дайыма муздап турган заманбап челектер менен суйкайган кооз бөтөлкөлөргө айдап кирип, дүйнөлүк стандартка жеткирген биринчи кыргыз болдуң, Табыке! Сен кыргызды кыр-кырдагы боз үйлөрдөн көчүрүп келип, оокат кылдыра баштаган совет бийлигинин тушунда атат-бабаларыбыз ылай менен салган таш үйлөрүн эске салып турган, Шералынын чокоюндай өткөн менен кеткенди көзгө сайып эске салып турган ачык асман алдындагы музей менен кошо адамды эс алдырып эле тим болбой, ойлонткон, толгонткон, ата конушун эскерткен, сагынткан "Супара" этнографиялык комплексин салган, кыргыздын тоодогу боз үйүн шаарга алып келип, жаңы түр, жаңыча жашоо берген биринчи кыргыз болдуң, Табыке!",-деп сүйлөдү Шайлообек Дүйшеев.

Табылды Эгембердиев 90-жылдары «Кыргызстан Демократиялык кыймылын» баштаган биринчи демократтардын катарында болуп, элдин эгемендик-эркиндиги үчүн күрөшкөн. Ошол жылдары ал республикалык басма сөзгө элдин көзүн ачкан жалындуу жана куйкум тилдүү публицистикалык макалаларды жазып, эл оозуна алынган нагыз публицист болуп да таанылган эле.

Табылды Эгембердиев 16-май күнү айыкпас оорудан 64 жашында көз жумду. Ал ооруп жүрсө да кара жанын ойлобой, каруусун казык кылып, акылын азык кылып, кара мээнеттен башын көтөрбөптүр.

Акыркы маектеринин биринде ал башкалардын башына келбеген толтура план менен жүргөнүн, бир гана убакыт жетпей калабы деп шашып жатканын айткан экен.