Кыргызстанда аскер кызматчылары үчүн жаңы форма кирди

Сүрөттүн автордук укугу BBC World Service

Бүгүн 13 комплект кийим, баш кийим, бут кийим жана кол каптар түштүк-батыш командалык курамдын аскерлерине тапшырылды. Жыл соңуна чейин баардык аскерлерге талаа формасы, ал эми 2016-жылдын соңуна чейин майрамдык форма берилмекчи.

Президенттин 2015-жылдын 2-майындагы Жарлыгына ылайык, офицердик курамдын, контракттык кызматтын, мөөнөттүү кызматтын аскер кызматчылары үчүн, аскер окуу жайларынын курсанттары жана Кыргыз улуттук аскер лицейинин тарбиялануучулары үчүн, Улуттук гвардиянын ардак кароолу үчүн, аскердик-көрсөтмө оркестр үчүн жаңы кийим формасы бекитилди.

Коргоо министрлигинин материалдык каражаттар менен камсыздоо башкармалыгынын башчысы полковник Азиз Байбалаевдин айткандарына караганда, жаңы аскер формасын иштеп чыгуу үчүн ар түрдүү күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнөн түзүлгөн атайын комиссия иштеди.

"Аскер кийими формасынын ар түрдүү варианттары, ар түрдүү үлгүлөр, кийимдерди тигүүчү түрдүү кездемелер каралып жана иштетилип жатты. Башка өлкөлөрдүн аскер кийимдери боюнча тажрыйбаларына дагы көңүл бурдук. Жыйынтыгында кийимдин химиялык кошулмаларсыз табигыйлуулугу жана көп каражатты, көп убаракерчиликти талап кылбаган коромжусуздугуна басым коюлуп, тышкы көрүнүшү менен ыңгайлуулугуна, кайра-кайра жууп кийүүдөгү өңү өчпөгөн, тоголоктошуп кетпеген бышыктыгына маани берилди. Кийимдер тигилген кездемелер Кытайдын атайын лабораторияларында сындан өткөрүлдү. 2015-жылдын 9-майындагы аскер парадында аскер кызматчылары жаңы аскер кийими формасы менен катышты»-деди Азиз Байбалаев.