“Газпром Кыргызстан”: Газдын баасын көтөрүү керек

Image caption “Газпром Кыргызстан” ишканасынын директору Болот Абилдаев менен өкмөт башчы Темир Сариев

“Газпром Кыргызстан” ишканасы көгүлтүр отундун баасын кымбаттатууну суранып кыргыз өкмөтүнө кайрылды.

Аталган компаниянын башкы директору Болот Абилдаев өкмөт башчы Темир Сариев менен жолугушуп, учурдагы өкмөттүн газга болгон тарифтик саясаты экономикалык реалдуулукка дал келбестигин, өндүрүш өзүн-өзү актагыдай кылып тариф түзүү зарылдыгын айтты.

“Учурда тариф мамлекет тарабынан дотацияланууда. Компания дайыма ушинтип тура албайт. Газдын баасын акырындык менен он жыл ичинде, ай сайын 3-5% көтөрүү керек. Андыктан тарифтик саясатты иштеп чыгууну сунуштайм. Компания чыгымдарын жаап, киреше табышы керек", - деди Абилдаев.

Өкмөт башчы Темир Сариев болсо газдын баасы кыргыз сомунун курсуна көз каранды болоорун, эгер сом арзандаса, газдын баасы жогорулашы мүмкүндүгүн билдирүүдө:

"Сомдун курсу туруктуу болсо, газдын баасы да туруктуу болот. Андай болбосо баалар кымбаттайт".

Ошол эле учурда Темир Сариев "кыргызстандыктар эң негизгиси мындан ары үзгүлтүксүз газ менен камсыз болот, “Кыргызгаз” “Газпромго” сатылып жатканда, айрымдары бул демилгени сындап чыгышкан, бирок учурда ал чочулоолор негизсиз экени анык болуп жатат" деди.

Энергетика боюнча көз карандысыз эксперт Расул Умбеталиев "Кыргызгаздын” сатылышында мүчүлүштүктөр кеткенин, эми “Газпром” Кыргызстанда көгүлтүр отундун баасын өздөрү каалагандай кое алат деп сынга алууда:

"Башында Орусия менен Кыргыз өкмөтү келишим түзүп жатканда, "Газпром" газдын баасын көтөрүшүбүз мүмкүн деген эмес болчу. Ошол келишимдер ишке ашпай жатат. Бул компания коммерциялык ишкана болгону үчүн бааны каалагандай быча берет. Кыргызстан бул жерде эч нерсени чече албайт. "Кыргызгаз" сатылып жатканда, бийликтегилер ошону ойлошу керек эле".

Кыргызстан былтыр “Кыргызгаз” ишканасын орусиялык “Газпром” компаниясына сатып, газ маселесинде мындан ары Өзбекстанга көз каранды болбой калганын жарыялаган эле. Өлкө жетекчилери “Кыргызгазды” сатып жатышканда, орусиялык компания анын карыздарын жоет, түтүктөрүн жаңылайт жана баасын арзандатат деген убадаларды берген. Бирок “Газпром Кыргызстан” ишканасынын бүгүнкү билдирүүсү Кыргызстан Орусияга энергетикалык эле эмес, баа саясатынан дагы көз каранды болуп калбайбы деген кооптонууларды күчөткөнсүдү.