Кыргызстанда ата баркы менен наркы кеттиби?

Сүрөттүн автордук укугу v
Image caption БУУнун калкты жайгаштыруу фонду уюштурган "Үлгүлүү ата" болууга эркектерди тартуу өнөктүгү конкурсунда жеңүүчү болгон таластык Замир Надырбаев

Кыргызстандын Талас жана Чүй облустарында сурамжылоого катышкан окуучулардын 40 пайызы өздөрүнүн аталарын өрнөк тутушпайт, ал эми кыздардын 43 пайызы болочок жолдошунун өзүнүн атасына окшош болушун каалашпайт. БУУнун калкты жайгаштыруу фонду өткөргөн изилдөөнүн жыйынтыгы ушундай көңүл чөгөргөн тыянак берди.

Он беш жаштагы Сезим атасынан мээрим көргөн жок. Атасынын элчилеп чачтан сылай эркелетип, балмуздак алып бергенин элестетип да көргөн эмес. Өз атасынан дайыма коркуп, жылуулукту өзгөлөрдөн издеген өспүрүм болочоктогу жолдошунун кызыл камчы болушун каалабайт:

“Атам мени биринчи жолу телефонун жоготуп койгонумда сабаган болчу. Экинчи жолу апам кетип калганда урган. Ичкилик ичип абдан катуу сабайт. Анткени өзүн билбей калат. Муштуму менен урат. Бир жолу урганда башым канап, эсим ооп калган. Ошондон кийин атамдан коркуп калгам”.

Сүрөттүн автордук укугу h
Image caption Замир: "Мен жубайыма жардам берип, балдарыма жакшы көңүл бурам. Бирок менин тегерегимде жумуштан чарчап келип, телевизор көрүп эле уктап калган аталар көп"

Бириккен улуттар уюмунун калкты жайгаштыруу фонду Талас жана Чүй облустарында Сезим сыяктуу көптөгөн балдар менен сүйлөшүп, мектеп окуучуларына аталары тууралуу бир катар суроолорду узаткан. Жыйынтыгында балдардын 40 пайызы өз атасын өрнөк тутпасы белгилүү болгон. Ошол эле учурда кыздардын 43 пайызы атасына окшогон эркекке турмушка чыкпай тургандыгын айтышкан.

Мындай көрсөткүчтөр үй-бүлөдөгү атанын кадыр-баркынын түшүп кеткенин көрсөтөт дейт аталган изилдөөнү жүргүзгөндөрдүн бири Елизова Лариса:

“Азыр үй-бүлөдөгү ич ара мамиле такыр өзгөрүп кетти. Көпчүлүк үй-бүлөлөрдө атанын ролу эң төмөнкү көрсөткүчкө түшкөн. Биринчиден, аталар мурдагыга салыштырмалуу кадыр-баркын жоготту. Экинчиден, аталык бийлигинен ажырап, балдарынан алыстап калган, аларга жакшы көңүл да бурбайт. Изилдөөбүзгө таянсак, аталардын көбү бир күндө өз баласына 36 мүнөт гана бөлөт экен. Бул жерде балага атанын көңүл буруусу, эркелетүүсү, ой бөлүшүүсү жетишпей калып жатат”.

Аталардын айрымдары үй-бүлөдө коргоочу эмес, жек көрүндү болуп калганын эркектер өздөрү да танбайт. Эки баланын атасы Замир өзүн идеалдуу атамын деп эсептегени менен, айланасында үй-бүлөсүнө кам көргөн, баласаак эркектердин азайганын айтат.

“Мен жубайыма жардам берип, балдарыма жакшы көңүл бурам. Бирок бир катар аталар балдарын дээрлик ойлонушпайт, ойнотушпайт. Жумуштан чарчап келип, телевизор көрүп эле уктап калгандар көп. Аны кечке күткөн баласынын шагы сынып кала берет”, - дейт Замир.

Аталардын өз балдарына баркы жок болуп жатышын психологдор ар кандай чечмелешет.

“Кээ бир үй-бүлөлөрдө гана гармония болбосо, көпчүлүгүндө сүйүү аз. Аталар өз милдеттерин аткара бербейт. Аларга караганда энелер жоопкерчиликтүү. Энесинин кыйналып жатканын көргөн бала сөзсүз атасын жектейт. Буга статистиканын деле кереги жок, аялдар эркек кылчу иштерди эле жасап жүрөт. Ал эми экинчи фактор - интернеттин, телевизордун айынан балдардын баалуулуктары өзгөрүп кетти. Аларга түрдүү нормалар сиңип калган. Маселен, жолдошум акылдуу, булчуңдуу болуп, бою 175тен ашышы керек деген сыяктуу маалыматтар баланын башына орношуп алат дагы, аны бала айланасынан издей баштайт. Атасы же энеси ал талапка жооп бербейт, анан албетте алардай болгусу келбейт дейт да”, - деди psiholog.kg сайтынын кызматкери, психолог Самат Аалканов.

Үй-бүлө маселелери боюнча адистер баланы бир гана эне эмес, ата да кошо тарбиялашы керектигин баса белгилешет. Ошондо гана атаны аска-зоого, энени анын боорундагы булакка, баланы ортодогу шам чыракка салыштырган жаратылыш гармониясы ишке ашат деген пикирлер бар.