Укук коргоо уюмдарын коргоо акциясы башталууда

Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдар улуттук укук коргоо институттарын коргоо боюнча акция баштап жатат.

Кыргызстандагы укук коргоочу уюмдар бейшембиде жыйын куруп, улуттук укук коргоо институттарынын айланасында түзүлүп жаткан кырдаалды талкуулашты.

Жыйында Кыйноолордун алдын алуу жана башка адамкерчиликке жатпаган же адамдын абыроюн басмырлаган мамилелер менен жазалоолор боюнча улуттук борбордун ишин чектеген мыйзам долбоору даярдалып жатканына тынчсыздануу айтылды. Бул кадам аталган борбордун көз карандылыгын чектөөгө алып келет деп жатышат.

Жогорку Кеңеш бейшембидеги жыйынында Бакыт Аманбаевди акыйкатчы кызматынан бошотуп салышы укук коргоочуларды ого бетер нааразы кылууда. Алар акыйкатчыны кызматтан алууда мыйзамдык эрежелердин бузулуп жатканын жүйөө кылышууда.