Кыргызстан АКШ менен кызматташуу келишимин бузду

Премьер-министр Темир Сариев АКШ менен кызматташуу иш-аракеттерин жеңилдетүү боюнча 1993-жылы Вашингтондо кол коюлган келишимди бир жактуу денонсациялоо боюнча чечимге кол койду.

Өкмөт башчынын басма сөз кызматы тараткан билдирүүгө караганда, аталган чечим 2015-жылдын 20-августунан тартып күчүнө кирет.

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги бул тууралуу АКШ өкмөтүн кабардар кылаары айтылган.

1993-жылдагы документке ылайык АКШ менен кызматташуу келишиминин алкагында Кыргызстандын аймагына кирген товарлар жана кызматтардын бардыгы салыктан бошотулган. Ошондой эле АКШнын Кыргызстанга көмөктөшүү программалары аркылуу келген америкалык жана башка өлкөлөрдүн атуулдарына дипломатиялык кол тийбестик укугу берилген.

Кыргызстан АКШ менен кызматташуу келишимин бир жактуу бузуу ниетин өткөн аптада АКШнын мамлекеттик департаменти Азимжан Аскаровго “Адам укугун коргоочу” аттуу сыйлыкты ыйгарганына байланыштуу билдирген эле.

Аскаров 2010-жылдагы улуттук жаңжалга байланыштуу өмүр бою абак жазасына кесилген. Бирок укук коргоочулар жана АКШ өкмөтү соттук процесс мыйзам бузуулар менен өттү деп эсептейт.

Кыргыз өкмөтү болсо, АКШ түрмөдөгү адамга сыйлык берүү менен өлкөдөгү кырдаалды солгундатууга жана улуттар аралык мамилелерди ырбатууга салым кошуп жатат деп сынга алган.

Айрым эксперттер бул кадам АКШга караганда Кыргызстанга көбүрөөк зыян алып келээрин айтып жатышат. АКШнын Бишкектеги элчилиги мындан мурдараак келишимди бузуунун техникалык жактарын иликтеп жатканын билдирип, Кыргызстандын элине АКШ тараптан берилип жаткан көптөгөн жардамдар токтоп калышы мүмкүн экенин эскерткен.