Темир Сариев диний радикалдашууга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылды

Image caption Кыргызстандын бийликтери Бишкекте 16-июлда болгон антитеррордук операцияда айт майрамында Бишкекте теракт жасоого даярданган эл аралык диний-экстремисттик террордук топ жок кылынганын билдирүүдө.

Премьер-министр Темир Сариев коопсуздук органдарынын башчылары жана диний жетекчилер менен диний кырдаалды талкуулап, жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, экстремисттик жана террористтик күчтөргө күрөштү күчөтүү жөнүндө тапшырма берди.

Өкмөттүн расмий сайтындагы маалыматка караганда, премьер-министр жыйындагы сөзүндө 16-июлда Бишкекте антитеррордук операцияда жок кылынган куралдуу топтун аракети өлкөдө терроризмге жана диний радикализге каршы күрөштү, коопсуздук жана диний агартуу маселелеринде ишти күчөтүүнү талап кылып жатканын билдирди.

“Буга чейин диний радикализмдин коркунучтары бизден алыстагыдай сезилсе, учурда бизге чакырык катары чыгып, өлкө коопсуздугуна коркунуч туудура баштады. Буга интернетте тарап жаткан ар кыл тасмалар мисал боло алат. Ошондуктан, мамлекеттик бардык органдар, коомчулук бул коркунучка каршы туруп, биргеликте күрөшүүбү абзел,”-деди Темир Сариев.

Ошол эле учурда премьер-министр салттуу исламдын баалуулуктарын кармануу жана кыргыз элинин салт-санаа, үрп-адаттарына жат болгон көрүнүштөрдү динге жамынып таңуулоо аракетине каршы туруу зарылчылыгын белгиледи.

Жыйында дин иштери боюнча комиссияга, муфтиятка жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, укук коргоо органдарына экстремисттик жана террористтик багыттагы күчтөргө каршы күрөштү күчөтүү жана жазаларды катаалдантуу, мечиттерди курууда мамлекеттик каттоого алууну иретке келтирүү тапшырмасы берилди.

Ошондой эле 2014-жылы кабыл алынган диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча концепциянын аткарылышын карап чыгуу тапшырылды.