Кыргызстанда Курман Айт майрамы белгиленүүдө

Сүрөттүн автордук укугу b

Кыргызстанда мусулмандардын Курман Айт майрамы белгиленип жатат. Ѳлкөнүн борбор калаасы Бишкекте айт намазы эски аянта окулуп, он миңдей киши катышты.

Айт намазына расмий өкүлдөрдөн Жогорку Кеңеш төрагасы Асылбек Жээнбеков, вице-премьер-министр Таирбек Сарпашев жана Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов келди.

Сүрөттүн автордук укугу f

Ош шаарында айт намазы борбордук аянтта окулуп, 15 миңден ашуун кишинин катышуусунда окулду. Андан башка өлкөнүн бардык аймактарындагы мечиттерде миңдеген кишилер намазга келди. Ѳлкө президенти Алмазбек Атамбав өзү туулуп өскөн айылда айт намазына барганы кабарланды.

Image caption Бул күнү өлкө аймагы боюнча кайрымдуулук иштери кеңири жүрүүдө.

Бул күнү өлкө аймагы боюнча кайрымдуулук иштери кеңири жүрүүдө. Ош шаарында «Адеп башаты» коомдук фондунун демилгеси менен 100 дөн ашуун бодо мал союулуп, социалдык жактан муктаж бүлөөлөргө жана балдар, карылар үйлөрүнө таратылууда.

Image caption Ош шаардык мэриясы дагы мэрдин фондунан 780 миң сом каражатка бөлүп, курмандык кылып мал союуп, эттин муктаж бүлөөлөргө таратууда.

Ош шаардык мэриясы дагы мэрдин фондунан 780 миң сом каражатка бөлүп, курмандык кылып мал союуп, эттин муктаж бүлөөлөргө таратууда.

Бул жолку Курман Айт майрамы парламенттик шайлоонун үгүт иштери жүрүп жаткан учурга туш келгендиктен, дин өкүлдөрү саясый максатта курмандык чалып, элге эт таратуу дин жоолунда болбой турганы эскертти.